Биз менен байланышыңыз

«Ата-эне өзү көргөн тарбияны баласына да көргөзгөнү туура эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 мая 2019 | 448 | 0

Ата-энелер өздөрү көргөн тарбия менен балдарын тарбиялап жатат. Бирок бул туура эмес. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Балдар үчүн ишеним телефон борборунун башчысы Марина Жапаркулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бардык жерде балдардын укугун коргоо боюнча маалымат берилип турат. Бирок ага карабастан, айрым ата-энелер, чоң адамдар жаш кезинде көргөн зомбулугун балдарга көрсөтүп жатат.

Ата-энелер балдарына туура тарбия берсе, зомбулук, ырайымсыз мамиле азаят.

«Ата-эне баланын оюн угуп, ким менен достошуп жатканын билип, мектептеги жетишкендиктерине көңүл буруп, жүрүм-турумун байкашы зарыл. Учурда көп ата-эне мыйзам чегинде ишеним кат менен баласын камкорчуга калтырып чет жакка кетүүдө. Бирок баласын жөн гана таштап кеткен ата-энелер да бар. Мындан улам «Балдар жөнүндө» кодекске өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү муктаждыгы жаралууда», — дейт Жапаркулова.

Анын билдиргенине караганда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Балдар үчүн ишеним телефон борборунун ачылганына 3 жарым жыл болгондуктан, 111 кыска номурун көпчүлүк билбейт.

«Бизге кайрылгандар жоопсуз калбайт. Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зордук-зомбулук боюнча кайрылуулар түшөт. Биз дароо ички иштер органдарына маалымат беребиз. Алар социалдык кызматкерлер менен чогуу иш алып барышат. Жарандар зомбулукка кабылгандарды, оор турмуштагы үй-бүлөлөрдү, мектептердеги рекеттер тууралуу 111 номуруна чалып, маалымат берип турушса. Чалуу акысыз», — дейт Жапаркулова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM