Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ жыйыны: 5 жылдык маараке жана алдыга коюлган максаттар

Экономика | 30 Апр 2019 | 651 | 0

Бүгүн Армениянын борбору Ереванда ЕАЭБдин өкмөттөр аралык Евразиялык кеңешмеcинин жыйыны болуп өттү. Ага Кыргызстандан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган делегация катышты. Жыйында интеграциялык жагдайлар, ЕАЭБ аймагына импорттолгон товарлардан түшкөн бажы алымдарын өлкөлөр арасында бирдей бөлүштүрүү жана ЕАЭБдин 5 жылдык мааракесин белгилөө тууралуу маселелер талкууланды.

Ереванда 30-апрелде ЕАЭБдин өкмөттөр аралык Евразиялык кеңешмесинин жыйыны болуп өттү. Ага Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин жана Белоруссиянын өкмөт башчысы Сергей Румас катышты. Ал эми меймандарды Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян тосуп алды. Иш-чара Еревандагы Карен Демирчян атындагы спорттук-концерттик комплексинде болуп, премьер-министрлердин чогуу сүрөткө түшүүсү менен башталды. Бул жолугушууда жалпы 13 маселе каралды. Алардын эң негизгилери: «Өндүрүштүк кооперациялар, субконтрактациялар жана технологиялардын трансфери боюнча евразиялык тармак» долбоорун ишке ашыруу, электрондук кол тамгалардын стандарттарын колдонуу, ЕАЭБдин ички рыногундагы милдеттердин көзөмөлдөнүшү, бажы алымдарынан түшкөн каражатты ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджетине текши бөлүштүрүү, санариптик экосистеманы өнүктүрүү талкууланды жана жогоруда аталган маселелер боюнча документтерге кол коюлду.

Кеңешмеде сөздү Армениянын премьер-министри Николь Пашинян баштап, өз өлкөсүндөгү кардиналдуу өзгөрүүлөр тууралуу айтып өттү. Ошондой эле, ЕАЭБдин Армения үчүн маанисине токтолду.

«Биз ЕАЭБ алкагында өтө маанилүү делген маселелердин бири — транзиттик товарларды электрондук каттоого алуу болуп саналат. Бул бизнес үчүн ачык атаандаштыкты пайда кылат. Ошондой эле логистикалык жана коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрдү да кеңири колдонууга жол ачат».

 Өкмөт башчы Абылгазиев жыйындын катышуучуларын келе жаткан Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, Кыргызстан санариптешүүгө өзгөчө маани берип жатканына токтолду жана «Өндүрүштүк кооперациялар, субконтрактациялар жана технологиялардын трансфери боюнча евразиялык тармак» долбоорун колдой турганын билдирди.

«Мен «Өндүрүштүк кооперациялар, субконтрактациялар жана технологиялардын трансфери боюнча евразиялык тармак» долбооруна өзүнчө токтолуп кетейин. Анткени, бул долбоор ЕАЭБ алкагындагы санариптештирүү иштерин жеңилдетет жана өндүрүштөгү байланыштарды бекемдейт. Кыргызстан санариптешүүгө өзгөчө маани берип, бул жаатта алгылыктуу иштерди жасоого даяр. Ошондой эле, Кыргызстан «бирдиктүү терезе» системасын улуттук деңгээлде ишке ашырууга аракет кылууда. Мамлекеттик кызматтардын электрондук тартипте иштөөгө өтүүсү эл аралык сооданы өнүктүрүүдө көмөктөшөт».

 Ал эми Белорусиянын өкмөт башчысы Сергей Румас Пашинянга «Сиз эми бизге кошулдуңуз» — деп айтып, бүгүнкү жыйын жемиштүү болгонун белгиледи. Бирок ЕАЭБ алкагындагы айрым көйгөйлөр дагы деле чечилбей жатканын айтты.

«Бул жерде ЕАЭБ алкагында жасалган иштердин жыйынтыгына баа берүү өтө маанилүү болуп турат. Анткени, биз бул уюмду ички рынокто эркин соода жүргүзүү үчүн  түзгөнбүз. Бирок тилекке каршы, өлкөлөр ортосунда дагы деле чечиле элек маселелер бар. Айрыкча, бири-бирине болгон тоскоолдуктар көп болуп жатат. Адегенде мына ушуларды чечип алышыбыз керек».

 Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин ЕАЭБ өлкөлөрүнө Кытайдан кирип жаткан товарлардын декларациясында дагы деле көйгөйлөр көп экенин белгиледи.

«Кытайдан кирген товарлардын декларациясындагы дал келбөөчүлүктү тажрыйбада көрүп келебиз. Мындан улам биз Кытайдан келген товарлардын сапатын жана декларациясын тыкыр көзөмөлгө алышыбыз керек. Мунун бир гана жолу бажы өткөрүү бекеттерин баарын электрондоштуруу зарыл. Казакстан бул жаатта дээрлик бардык иштерди аткарып бүтүп калды».

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев болсо, ЕАЭБдин эл аралык алкактагы орду жана анын аймагын кеңейтүүнүн маселелерине токтолду.

«ЕАЭБдин Вьетнам менен болгон соода алакасы өстү. Ошондой эле, Иран жана Кытай менен да соода жүгүртүү боюнча бир катар келишимдер түзүлдү. ЕАЭБдин эл аралык алкактагы кадырын жогорулатуу жана аймагын кеңейтүү үчүн өнүгүп жаткан Чыгыш Азия өлкөлөрү менен да кызматташтыкты бекемдөө зарыл».

Тар жана кең чөйрөдөгү жыйындар аяктаган соң, Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян жана Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саркисян журналисттерге маалымат жыйын берип, жолугушуулар жалпы жонунан ийгиликтүү өткөнүн белгилешти.

Жыйынтыктап айтканда, ЕАЭБдин түзүлгөнүнө быйыл беш жыл толот. Мааракелик жыйын Казакстандын Нур-Султан шаарында 29-майда өтмөкчү. Ал эми евразиялык өкмөттөр аралык кеңешмесинин келерки жыйыны ушул жылдын 9-августунда Ысык-Көлдө өтө турган болду. Өз кезегинде Өкмөт башчы Абылгазиев кесиптештерин Чолпон-Ата шаарына чакырып кетти.

 

Copyright © 2017 Maral FM