Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБдин кезектеги өкмөттөр аралык кеңешмеси Ысык-Көлдө өтөт

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 605 | 0

ЕАЭБдин евразиялык өкмөттөр аралык кеңешмесинин келерки жыйыны ушул жылдын 9-августунда Ысык-Көлдө өтө турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Арменияда өтүп жаткан жыйында билдирди.

Өкмөт башчы Абылгазиев жыйында Кыргызстан санариптешүүгө өзгөчө маани берип жатканын айтып,  «Өндүрүштүк кооперациялар, субконтрактациялар жана технологиялардын трансфери боюнча евразиялык тармак» долбоорун колдой турганын билдирди.

«Мен «Өндүрүштүк кооперациялар, субконтрактациялар жана технологиялардын трансфери боюнча евразиялык тармак» долбооруна өзүнчө токтолуп кетейин. Анткени, бул долбоор ЕАЭБ алкагындагы санариптештирүү иштерин жеңилдетет жана өндүрүштөгү байланыштарды бекемдейт. Ошондой эле, Кыргызстан «бирдиктүү терезе» системасын улуттук деңгээлде ишке ашырууга аракет кылууда. Мамлекеттик кызматтардын электрондук тартипте иштөөгө өтүүсү эл аралык сооданы өнүктүрүүдө көмөктөшөт».

Ошондой эле премьер-министр Абылгазиев сөзүнүн соңунда, кесиптештерин Ысык-Көлдүн жээгинде жай айында өтө турган жыйынга чакырып өттү.

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБдин өкмөттөр аралык Евразиялык кеңешмесинин жыйыны Еревандагы Карен Демирчян атындагы спорттук-концерттик комплексинде өтүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM