Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 694 | 0

30-апрелде жана 2-3-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

30-апрелде жана 2-3 майда тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

 

Copyright © 2017 Maral FM