Биз менен байланышыңыз

Жураев: Эл аралык форумдагы келишимдер Кыргызстандан буйтап өтүшү мүмкүн

Күн чабыт | 29 Апр 2019 | 13267 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинь менен жолугушту. Анда аталган мамлекеттин лидери Кытай Эл Республикасы Кыргызстан менен кызматташууну каалай турганын жана анын өнүгүп жатканын көргөнүнө кубанарын билдирди. Төрага Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун июнь айында Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүү тууралуу чакырыгын кабыл алганы маалым болду. Биз Кытайда өткөн «Бир алкак — бир жол» форуму боюнча пикирин угуу үчүн  саясат таануучу Эмил Жураев менен «Күн чабыт» программасында түз эфирден маек курдук.

Марал: — Кытайда өткөн форумда эки өлкөнүн лидерлери ортосундагы транспорт жана жолдор, анын ичинде темир жолдор байланышы, терроризмге жана экстремизмге каршы биргеликте күрөшүү сыяктуу маселелерди талкуулашты. Жыйынтыгы кандай болот? Кыргызстанга кандай пайда алып келет?

Жураев: — Кытайдын «Бий аралында» биздин президент жана башка өлкөнүн эл өкүлдөрү катышкан, чоң глобалдык деңгээлдеги инфраструктураны караган дүйнөлүк форум болду.  Мунун негизинде Кыргызстан Кытайдын долбооруна ынтызар экенин, кызыгарын жана бул долбоорго биздин мамлекет да катышарын көрсөтүп кетти. Эгерде темир жол биздин өлкө аркылуу өтө турган болсо, албетте, пайдасы тиет. Жакшы жыйынтык болуш үчүн биз тараптан тынбаган аракет керек деп ойлойм. Бирок, бул форумда бизге белгисиз , мурда-кийин талкууланбаган маселелер сүйлөшүлдү деген чечим чыгара албайбыз. Себеби, аталган иштер буга чейин деле козголуп, айтылып келген.

Марал: — Баарыбызга маалым болгондой, Кыргызстандан Кытайга экологиялык жактан таза айыл чарба азык-түлүктөрүн Кытайга экспорттоону көбөйтүү, калкты таза суу менен камсыздоо жана ирригацияны өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери да сүйлөшүлдү. Бул сүйлөшүүлөр канчалык деңгээлде ишке ашышы мүмкүн?

Жураев: — Канчалык пайызда ишке ашуусу эки тараптагы мамлекеттик мекемелердин, ишканалардын колунда. Кыргызстан үчүн Кытайдын рыногуна кирүү өтө чоң утуш болмок. Себеби, Кытайдын бизге болгон бут тосуусунан, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн өтө чектелүүсүнөн аябагандай эле кыйналып келе жатабыз. Эгерде, айыл чарба азык-түлүктөрүн ал жакка экспорттосок, мамлекетибиздин бюджети жогорулап, дыйкандардын эмгеги да акталмак. Бул жерде болгону эки президенттин ортосунда так жана ишенимдүү келишимдерге кол коюлуп, дыкат сүйлөшүлсө, ошондо рынокто өсүү байкалат.

Марал: — «Бир алкак-бир жол» форумунда 64 млрд. долларлык макулдашууга кол коюлду деп жатышат. Кыргызстанга макулдашуулардын келечекте пайдасы кандай?

Жураев: — 64 млрд. долларлык келишимдин 90 %дан ашууну бизди буйтап өтсө керек. Анткени, биздин Кыргызстан чакан мамлекет, бюджети да чакан. Ошондон улам, аракеттерибиз бир аз жетишсиз болуп, көрүнбөй калып жатат. Ага карабастан, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кошумчалап, биздин мамлекетти уникалдуу, кооз деп сыпаттап өттү. Кол коюлган макулдашуулар бир гана Кыргызстан менен кызматташууга арналган жок да, жалпы катышуучулардын ортосунда болду. Бирок мен ойлойм, алдыңкы күндөрдө Казакстан, Өзбекстан менен иш алып барууга чоң жол ачса керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM