Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев тарапташтарын бир жыл бага алат»

Саясат | 1 Июл 2019 | 1086 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан бери Кой-Ташта жүрүшөт. Маалыматтар боюнча, Кой-Таш айылына ушул күнгө чейин 3 миңге жакын адам барып кеткен. Ал жакта алар күнү-түнү кезектешип Атамбаевди кайтарууга алышууда. Ал эми мурдагы президент алардын үстүнө өргөө көтөрүп бергени, атайын арнап мал союп, үч маал тамак менен камсыздап жатканы, айрымдарына күндүк акча төлөп жатканы тууралуу кептер тарады. Мына ушул кептердин канчалык чындыгы бар? 

Он күндөн бери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Ташта жайгашкан үйүндө анын тарапташтары чогулууда. Социалдык түйүндөрдө аларга тамак-аш таратылып, боз үйлөр тигилип, а түгүл мал союлуп жатканы боюнча да сүрөт, видеолор тарады. Ал тарапка барган Наргиза Токонова өз көзү менен көргөн жагдайларды Фейсбук баракчасына жазды.

«Жашоо бумеранг, же Кой-Таштагы кылыктар» 

— Ооба, биз ал күнү кокусунан барып калдык. Кирип бара жатсак эле, «Кимден келдиңер? Ким менен келдиңер?», — деген суроолорду берип жатышты, биз менен барган мырзанын «мага караштуу» деген бир сөзүнөн кийин ооздору жабылып, «Кечиресиздер, сумкаларыңыздарды текшерип коелу», — деп, өз иштерин улантышты… Кирип барганда эле баягы атагы чыккан Шаршенич айткан ОБОНдор тосуп алды. Ал жерде тургандар менен учурашып туруп калсак эле, чай ичкиле деп, ашкана (очок) жагына алып өттү.

Ал жердеги эжелер кимдир бирөөдөн үй алганын, а кимдир бирөөлөрдөн үй ала албай калгандарын, митингдерге чыккандарын айтып отурушту. Столдон алысыраак отурган, Ысык-Атадан келдим деген кара тору чоң эже: «Мен пенсиядамын, үйдө деле отурам, бул жерде деле отурам айырмасы жок», — деп күлүп койду…

Акча берилип жатканын угуп эле жаттым, бирок, көрбөдүм… Анан да ал жердеги эт, тамак талашты айтпай эле коеюн. Ортодогу боз үй маалымат борбору экен, анын астындагы жер төлөгө тамак-аш, азык-түлүктү жыйып коюптур.

Шаршеничтин ал жердеги ишенген жөкөрлөрү: Ниязов, Мискенбаев, Карамушкина, Турдукулов, Искен мырза, Кундуз айым жана СДПКнын Чүй облусунун координатору деп бир мырза жүрдү. Калгандары бизге окшогон эле көңүл коштор… Бардыгы болбосо да, көпчүлүгү өз кызыкчылыктары менен жүргөнү сокур адамга да көрүнүп турат. Шаршенич ким эле? Ким болду???

Атамбаев тарапташтарын буга чейинки элден жеген каражат менен көп убакытка чейин бага алат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов билдирди. Ал жылуулук электр борборунан жана Батукаевдин маселесинде өндүрүп калган акчасы менен көп адамды сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетерин кошумчалады.

— Кылмыш жоопкерчилигине тартыларда элди чогултуп, боз үйлөрдү тигип жашынып алган эркектикке жатпайт. Андай болсо, бардык саясатчылар үйүбүзгө элди чогултуп, корунуп жата бербейлиби? Элди тукуруу, бийликке каршы коюу, ушундай гана ыкма менен болот. Эгерде Датка-Кемин, Жылуулук электр борборунун жана Батукаевдин маселесинде катышканын эске алсак, тарапташтарын бир далайга бага алат. Каражаты жетет да.

Деген менен, КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева «Атамбаевдин тарапташтарына акча таратылып жатат» деген сөздү толугу менен четке какты.  Ушул  убакытка чейин Кой-Таш айылына Атамбаевди колдоп  үч миңге жакын адам келип кеткенин билдирди. Күнү-түнү адамдар кезек-кезеги менен күзөткө туруп, үч маал тамак-аш менен камсыз болгонун айтып, буларга токтолду.

— Бул жакта үч маал тамак берилип жатат. Келген колдоочулар жасап жеп жатышат. Мал бир гана биз тараптан эмес, коңшу айылдан тарапташтар союп алып келип жатышат. Күнү-түнү эл бар. Атайын кезек-кезеги менен туруп жатышат. Көбүнчө адамдар, кечки маал чогулуп жатышат. Биздин оппоненттер: «Кой-Ташта акча таратылып жатат», — деген атайын маалымат таратып жатышат. Жок бул маалымат туура эмес. Тарапташтар 3-июлда боло турчу тынчтык митинге чейин болушат. Андан кийин билинет.

Ал эми саясат таануучу Эмил Жураев Атамбаев тарапташтарын он күн эмес, бир жыл деле бага аларын айтат. «Бирок маселе анда эмес, келген ошончо адамды маалымат айдыңында канча убакытка чейин кармап тура алат? Бул башка саясат», — дейт Жураев.

— Атамбаев өзү айткандай, мультимиллиардер да. Көп убакытка чейин тарапташтарын бакканга кудурети жетет. Бирок, ошончо элди маалымат чордонунда кармап тура алабы? Бул башка маселе да.

Кошумчалай кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө 22-июнда тарапташтары чогулуп, штаб түзүлгөн болчу. Ал эми 3-июлда «Медиа Форум» имаратынын алдында «эски элитага каршы» тынчтык митинги өтөрү белгилүү болуп, Атамбаевдин үйүнүн астында чогулган тарапташтары митингге чейин болору айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM