Алмаз Кулматов премьер-министрдин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 12-апрелде кол койгонун Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү бүгүн кабарлады.
Алмаз Кулматов буга чейин президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коомдор менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.