Биз менен байланышыңыз

«Сапат» робот жасоочулар арасында жарыш ѳткөрѳт

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 879 | 0

27-апрелде «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси роботтордун жарышын ѳткөрѳт. Сынакка окуучулар тарабынан жасалган роботтор катышып, 5 категория боюнча жарышышат. Олимпиадага мектеп окуучулары, кесиптик окуу жайлардын мугалимдери, балдар жана алардын ата-энелери, бардык робот жасоочулар катыша алат.

Робот техникасы боюнча олимпиада 2015-жылдан бери мектеп окуучулары арасында ѳткѳрүлүп келет.

Долбоор Кыргызстандын бардык аймактарынан жѳндѳмдүү балдар менен жаштарды аныктап, аларга колдоо кѳрсѳтүү, окуучулардын ойлоп тапкычтыкка болгон кызыгуусун жогорулатуу, инновациялык ой жүгүртүүсүн жакшыртуу, жаштарды илимий-техникалык чыгармачылыкка тартуу максатында уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM