Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Пекин шаарына барды

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 623 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде иш сапар менен Кытайдын Пекин шаарына барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы «Бир алкак-бир жол» эл аралык кызматташтыктын II форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019» көргөзмөсүнө катышат.

Форумда Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Борбордук Комитетинин саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүргүсү келген бизнес-компаниялардын жетекчилери, ошондой эле илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Ошондой эле мамлекет башчы эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге «Достук оазиси» гүлбакчасында дарак отургузат.

Copyright © 2017 Maral FM