Биз менен байланышыңыз

«Интеграция, өнөктөштүк жана илим-билимдеги инновация» аттуу конференция өтөт

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 612 | 0

Эртең, 25-апрелде Бишкекте «Интеграция, өнөктөштүк жана илим-билимдеги инновация» аталышындагы илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чараны демилгечиси: Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту. Конференция ушул окуу жайдын 25 жылдык мааракесине арналып уюштурулууда.

Анда «Инновациялык процесстердин билим берүүдөгү туруктуу өнүгүүсү», «Экономика жана билим берүүдөгү негизги көйгөйлөр», «Илимий экономиканын түптөлүшүндөгү илим менен бизнестин карым-катнашы» сыяктуу бир катар темаларда талкуу жана жарыш сөздөр болмокчу.

Конференцияга Бишкектеги жогорку окуу жайлардын окутуучулары, аспиранттары жана илим изилдөөчүлөр чакырылган. Башталышы: саат 09:30да.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM