Биз менен байланышыңыз

Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин маянасы жогорулайт

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 484 | 0

Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин эмгек акысы апрель айынан тарта 30 %га көбөйтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн өткөн жылда жасаган иши тууралуу парламентте отчет берип жатып билдирди.

Депутат Таабалды Тиллаев бюджетте Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүүгө 256 млн. сом өлчөмүндө кошумча каражат каралганын эске салып, бирок алардын маянасы азыркыга чейин көтөрүлө электигин белгиледи.

«Азыркы учурда илимий кызматкерлер алган 4 миӊ сом маяна менен жашоого болбойт. Жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен кенже тейлөө кызматчыларынын эмгек акысы да көтөрүлгөн жок», — деди депутат.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева азыр бул маселе боюнча долбоор даярдалып жатканын кошумчалады. Ал эми Билим берүү министри быйыл 5 катмардагы кызматкерлердин маянасы көбөйтүлөрүн белгиледи. Алардын арасында 77860 мугалим, 4694 тарбиячы, 3680 өндүрүш устаты, 7427 орто окуу жайынын окутуучусу, 23000 административдик кызматчы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM