Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Прокурор эки айдан бери иш менен таанышпай, «эшек такалап» жүрдүбү?

Күн чекит | 23 Апр 2019 | 2460 | 0

Камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровдун тарапташтары Жогорку Соттун имаратынын жанында тынчтык митингин өткөрүштү. Алар эки саясатчыны абактан бошотууну, соттон адилеттүү чечим чыгарууну талап кылышты. Акциянын жүрүшүндө саясатчылардын аймактардан келген тарапташтары, Жогорку Кеңештин депутаттары, укук коргоочулар, активисттер сөз сүйлөп, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Биз бул теманын алкагында «Күн чекит» программасында «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов менен түз эфирден маек курганбыз.

Марал: — Алмамбет мырза, Жогорку Сотто бүгүн эки саясатчы Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин иши каралат, акыйкат чечим чыгат деп үмүт артып турдуңуздар эле. Бирок, соттук процесстер кийинкиге жылып калды. Кандай кабыл алдыңыздар?

Шыкмаматов: — Биз бул чечимди капалануу менен кабыл алдык. Канчалаган эл сотторго: «Адилетүү болгула, таза чечим чыгаргыла», — деп жатса, кечинде кылганы бул. Айтылган кептер соттордун бир кулагынан кирип, бир кулагынан чыгып кеткен окшойт да. Прокурор: «Мен он сегиз томдук иш менен таанышам, мага убакыт бергиле», — деп кетип калды. А соттор шыбырашып туруп, 3-майга чейин макулдугун берип коюшту. Эки ай мурун сот болот деген чечим чыккан. Прокурор эки айдан бери иш менен таанышпай, «эшек такалап» жүрдүбү? Бүгүн көрө калгансып, иш менен таанышышым керек дейт. Бул эмнеден кабар берет? Албетте, сабатсыздыкты, тажрыйбасыздыкты көрсөтөт. Бул кадам — элди, мыйзамды сыйлабастыкты түшүндүрөт. Негизи эле өзүм билемдик кылып койду. Мен жадагалса сындаганга сөз таппай жатам. Бул жөн эле акмакчылык! Прокурор сакалдуу эле киши экен, уялбай-этпей, бети-башы кызарбай туруп, иш менен таанышышым керек деди. Балким жогору жактан айтылды. Билбейм!.. Бирок, ошончо эл турганда уят деши керек эле. Текебаевдин ишин биринчи класстын окуучусу деле жаттап бүттү. Анан, таанышам деп коет. Ал жерде укмуш карачу деле иш жок болчу. Мен көргөм, далилдер деле жокко эсе эле. Айла жок, эми 3-майды күтөбүз да. Биз мындай кадамдарга барып жатсак, өлкөгө каяктагы адилеттүүлүктү орнотобуз?

Марал: — Бүгүн эки саясатчынын тарапташтары да митингге чыктыңыздар жана курч пикирлер айтылды. Бул сотторго ультиматум, тактап айтканда, алардын чечим кабыл алуусуна таасир көрсөтүү катары каралбайбы?

Шыкмаматов: — Таасир көрсөтүү катары каралбайт. Эгерде муну бирөө кысым катары түшүнсө, анда ал чала сабат, же таптакыр караңгы. Бийликтин туткасы, бийликтин ээси соттор эмес, бийликти ээси — эл! Элибиз соттордон адилетүүлүктү, туура жыйынтыкты, так ишти кантип талап кыла албайт? Сотту шайлаган эл болот. Бийликтин ээси эл болуп жатса, кантип таасир көрсөтө албасын? Алар бийликке жатып алып өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем деши керекпи? Мындан улам, эл өзүнүн милдетин аткарды. Эл десе эле 10 млн. адамды элестетүүбүз керекпи? Митингге чыкпагандардын да далайы бизди колдоп жатышат.

Марал: — Камактагы саясатчыларга карата соттун чыгара турган чечимине жараша бийликтин аракетине баа берүү оюңуздарда барбы? Болбосо, бүгүнкү сүйлөнгөн сөздөр коомдо ошондой талкууланып жатат…

Шыкмаматов:Бүгүнкү берип жатканыбыз баа эмеспи? Дагы кандай баа берилиши керек эле? Бүгүнкү талап кылганыбыз баа эмеспи? Эми алып келсе, «эки» коебуз.

Copyright © 2017 Maral FM