Биз менен байланышыңыз

Казакстан: «Нур-Отан» партиясы президенттикке талапкер тандады

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 801 | 0

Бүгүн, 23-апрелде Казакстандын экс-президенти, элбашы Нурсултан Назарбаев жетектеген «Нур-Отан» партиясы кезектеги XIX съездин өткөрдү. Бул тууралуу жергиликтүү медиа каражаттары маалымдады.

Съездге төрагалык кылган Нурсултан Назарбаев саясатын элдин басымдуу бөлүгүн колдоорун, мындан ары да тынчтык, туруктуулук сакталарына ишенерин айтты.

Ошондой эле, съезддин негизги күн тартиби болгон Казак Республикасынын кезексиз президентин шайлоого партиянын атынан талапкер көрсөтүү каралып, жалпы катышуучулар төрага кимди сунуштаса, бир добуштан колдоп берерин билдиришти.

Мындан улам, Нурсултан Назарбаев учурдагы өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевди партиянын атынан талапкер катары көрсөтөрүн жар салып, «Кийинки президент менен биргеликте элди күчтөндүрүү жолунда иш алып барам», — деди.

Copyright © 2017 Maral FM