Биз менен байланышыңыз

Акрам Мадумаров: Мен ал жерде кагаз окуп жаткам

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 3737 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Оштогу президент катышкан жыйында «уктап калды» деп социалдык тармактарга жайылган сүрөт боюнча комментарий берди.

Мадумаров: «Эми азыр социалдык тармактарда бардык нерсенин тескери тарабын, кемчилигин көргөнгө кызыкдар болуп калбадыбы. Мен ал жерде алдымдагы кагазды окуп жаткам. Эми кагазды бет маңдайга коюп окубайсың да… Аны сүрөткө тартканда, уктагандай көрүнгөн окшойт. Муну эми ар ким өзүнүн көз карашы, кабыл алуусуна жараша баалайт. Бирок биз өзүбүздүн алдыбызга коюлган милдеттерди аткарып, иштерди уланта беребиз»-деп билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 22-апрелде Ош шаарында санариптештирүү темасына байланышкан форум өтүп, анда президент Жээнбеков катышып сөз сүйлөгөн. Форум жалпысынан беш саатка созулган. Жыйындан соң, социалдык тармактарда уктап калган чиновниктердин сүрөттөрү жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM