Биз менен байланышыңыз

«Уран боюнча Ысык-Көл эмес, Кара-Балта эли көтөрүлүшү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Апр 2019 | 918 | 0

Уран казуу боюнча маселени Ысык-Көлдүн тургундары эмес, Кара-Балта эли көтөрүлүшү керек. Анткени, радиациялык фон кен казылган жерге караганда, Кара-Балта тоо-кен комбинатында көп. Бул тууралуу аталган ишкананын директору Данияр Исаков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Бирок Исаков комбинатта эрежелерди сактап иштегендерге радиациялык фон эч кандай терс таасир тийгизбей турганын айтат.

Анын пикиринде, Кызыл-Омпол кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу ведомстволор аралык комиссия уран казуунун Ысык-Көлгө тийгизе турган таасирлерин да иликтеши зарыл.

Кара-Балта тоо-кен комбинатын модернизациялоо жана кендерди иштетүү боюнча Орусия менен 30 млн. долларга инвестициялык келишимге кол коюлган. Анын ичинде Кызыл-Омпол уран кени да каралган. Учурда каралган каражаттар этап-этабы менен берилип жатат. Уран кенин иштетүү токтосо, келишимге таасир бериши мүмкүн.

«Комбинат 1955-жылдан бери иштейт. Бизде чоң тажрыйба бар. Бирок, кийинчерээк ишкана токтоп калган. Мамлекет инвестиция чакыруу чечимин чыгарып, 2007-жылы Орусиядан инвестор келип, комбинатты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп иштете баштаган. Учурда комбинатта 300 жумушчу иштейт. Инвестор табууга да канча убакыт кетти. Мындан улам, биз кенди иштетишибиз керек. Уран кенинин калдыктары биздин комбинатта сакталат. Кызыл-Омполдо калдык калбайт», — дейт Исаков.

Маалыматка ылайык, учурда урандын бир фунту 23 долларды түзөт. Ал эми 1 фунт 0,45 килограммга барабар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM