Биз менен байланышыңыз

Асаналиев: Өлкөдө 1 миң 821 аймактын башкы планы жок

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Апр 2019 | 538 | 0

121 калктуу конуштун башкы планы бар. Калган 1 миң 821 аймактын башкы планы жок. Анын ичинен чек арага жакын жайгашкан 224 аймактын 68инин өзүнчө статусу бар. Бул тууралуу Мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары Жыргалбек Асаналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ар бир аймактын башкы планы түзүлүшү кажет. Башкы планы жок аймактын өнүгүүсү туура болбойт, эрежелер сакталбай калат. Ал эми шаарлар башкы пландан соң, тыкыр планды иштеп чыгышы зарыл.

Башкы планда каралган объектилер өзгөртүлбөйт. Алсак, бала бакчанын ордуна турак жай салууга болбойт.

«Аймактардын башкы планы үчүн 2018-жылдын башында бөлүнчү каражат сентябрь айында чечилди. 10 шаар программа боюнча башкы планын иштеп баштады. Ошто тыкыр план иштелүүдө, анын биринчи этабы аяктады. Ал эми Нарын шаарында концепция иштелген соң, башкы план жасалат. Ошондой эле, Жалал-Абад шаарында долбоордун биринчи этабы жасалып бүттү. Май айында шаардык кеңештин депутаттары менен жолугуп, талкуулап келебиз», — дейт Асаналиев.

Ал кошумчалагандай, Каракол шаарына курула турган аэропорт башкы планга киргизилген эмес. Эрежеге ылайык, шаар ичинде аэропорт болбошу керек. Караколдун башкы планы кайра каралып, аэропорт шаардын сыртына чыгарылышы зарыл.

Мындан сырткары, шаар тибиндеги 9 аймак бар. Алардын башкы планы долбоордун экинчи этабында каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM