Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык Valor Air авиакомпаниясы Airbus H125 тик учагын сатып алды

Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 1623 | 0

Асылгүл Балыбаевага таандык Кыргызстандын Valor Air авиакомпаниясы өткөн жылдын аягында бир кыймылдаткычтуу 2018-жылы чыккан Airbus H125 тик учагын жеке авиа ташуулар үчүн сатып алды. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлиги билдирди.

Аталган ведомствонун маалыматы боюнча, тик учак 2018-жылдын октябрында Франциянын Airbus Helicopters компаниясынан сатылып алынган. Жеке ташуулардан сырткары тик учак санитардык авиация, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн да колдонулат.

19-апрелде аталган тик учак Франция Республикасынын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан жана Франциянын улуттук ассамблеясынын вице-президентти Бюро-Онарны Ала-Арча коругу менен таныштыруу үчүн колдонулган. Учуу авиа коопсуздук боюнча мамселелер тууралуу кызматташтык жөнүндөгү декларацияга кол койгондон кийин болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM