Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапар менен Францияга барат

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 684 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапар менен Францияга барат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкекте Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанда расмий визити менен жүргөн Франциянын Европа жана Тышкы иштер министрлигинин алдындагы мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан менен жолугушуу өткөргөн.

Айдарбеков билдиргендей, тараптар Жээнбековдун Францияга жасай турган визитин талкуулашкан. Ошондой эле, кайсы убакта боло тургандыгы дипломаттык канал аркылуу  талкуулана тургандыгын кошумчалаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM