Биз менен байланышыңыз

«Акнет» компаниясы президентке кайрылды

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 573 | 0

«Акнет» компаниясынын юристи Эрнст Озеров президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирип, аталган ишканага укук коргоо органдары тарабынан кысым болуп жатканын кабарлады.

2018-жылдын 22-ноябрынан бери «Акнетке» кысым болуп жатканын, жалпысынан 9 кылмыш иши ачылганын да айтты.

«5 ай ичинде Финполиция тарабынан кысымга кабылып, 150 млн. сомдук айып коюлуп, төлөөгө мажбур болдук. Бул убакыт ичинде биздин жетекчилик эч кандай мыйзам бузбаганын далилдеди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда компанияны рейдерлик жол менен тартып алуу аракеттери болуп жатканын, ага укук коргоо органдары көмөктөшүп жатканын айтып, мамлекет башчыга, Башкы прокуратурага жана Коопсуздук Кеңешине кайрылды.

«Акнеттин» ишин ИИМдин Тергөө кызматы иликтеп жатат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM