Биз менен байланышыңыз

«Акнеттин» жетекчилигине кысым көрсөтүлүүдө»

Коом | 19 Апр 2019 | 657 | 0

2018-жылы ноябрда Финансы полициясы «Акнет» компаниясынын мурдагы аткаруучу директору Руслан Абдумажитовдун арызы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын билдирген.

2019-жылдын 28-март күнү жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери кийинки иликтөөлөрдү уюштуруу үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда, жогорудагы кылмыш ишин калыс иликтөө максатында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы маалымдаган.

«Акнет» компаниясынын жетекчилиги бүгүн, 19-апрелде маалымат жыйын өткөрүп, компаниянын айланасындагы маселелер жөнүндө маалымат беришти. Компаниянын юристи Эрнст Озеров президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, аталган ишканага укук коргоо органдары тарабынан кысым болуп жатканын кабарлады.

— Учурдан пайдаланып, президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичке «Акнет» компаниясынын айланасындагы маселеге көңүлүңүздү бурууну суранабыз!» — деп кайрылып кетким келет. 2018-жылдын 22-ноябрынан бери «Акнет» компаниясынын кызматкерлерине укук коргоо органдары тарабынан кысым болуп жатат. Бул убакыт аралыгында финансылык документтер алынып, компаниянын эсептери кармалып, мындан ары өнүгүүгө тоскоолдук көрсөтүлүүдө».

Учурда «Акнет» компаниясын рейдерлик жол менен тартып алуу аракеттери болуп жатканын, ага укук коргоо органдары көмөктөшүп жатканын компаниянын жактоочусу Амантур Абдрахманов айтып, козголгон 9 кылмыш иши мыйзамсыз деген пикирин билдирди.

— Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн үлүшүн рейдерлик жол менен алуу максатында аябай чоң кысым болуп жатат. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары тарабынан компаниянын башкармалыгына 9 кылмыш иши козголгон. Биздин оюбузда, козголгон кылмыш иштеринин баары — мыйзамсыз.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, компаниянын рейдерлик басып алуу болду деп берген расмий жообун алар тарабынан коргонуу катары кабыл алуу керектигин билдирген.

Мындан сырткары, аталган ишкананын үстүнөн, кызматтан мыйзамсыз алуу беренеси боюнча да иш козголгон. Ольга Лаврова өзүн «Акнеттин» мыйзамдуу коммерциялык директору экендигин айтып, укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштери мыйзам чегинде эле болгонуна токтолду.

Мен учурда да компаниянын коммерциялык башчысымын. Ошондуктан, мени мурунку коммерциялык директор деп атоого эч кимдин акысы жок. Андыктан, иштен кетүүм мыйзамсыз. Буга далил «Акнет» тарап соттук отурумда иштен бошотулуумдун мыйзамсыз экенин кабыл алган. Сот бүгүнкү күндө да уланууда. Ал эми укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иштери жөнүндө айта турган болсом, 30 мүнөттөн кийин баарыбызды бошотушкан. Мен бир нече ирет сурака баргам. Азыр тергөө жүрүп жатат, ага бир да тарап тоскоолдук көрсөтпөшү керек.

Ал эми компаниянын адвокаты Амантур Абдрахманов иштен мыйзамсыз кетирди деп арыз жазган кызматкерлер, өздөрүнүн арызынын негизинде жумуштан алынганын айтат.

— Ооба, чындыгында бул жерде отурган кызматкерлер жумуштан алынган. Бирок аларды иштен компания алган эмес. Бир катар кызматкерлер өздөрүнүн каалоосу менен кетишкен. Мыйзам боюнча жаран иштегиси келбесе, биз аны мажбурлай албайбыз.

Эскерте кетсек,  2018-жылы 22-ноябрда «Акнет» интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам, байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Кийин «Акнет» компаниясында рейдерлик басып алуу болгону сүрөттөр аркылуу элге маалымдалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM