Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз-Түрк ооруканасын 3 жыл чогуу жетектейбиз»

Саясат | 18 Апр 2019 | 574 | 0

Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы ишке киргенден кийин жалпы түшкөн акча 9,5 миллион, чыгашасы 7,5 миллион доллар болуп, оорукана жылына 2,5 миллион доллар таза киреше табат. Бул туурасында эл өкүлү Исхак Пирматов билдирди.

Ал мындан сырткары, ооруканада бекер кызмат көрсөтүлбөөрүн айтып, артыкчылыктарына токтолду.

— Эң негизгиси боордош Түрк эли 100 % белек катары салып берип жатат. Бул ооруканада акысыз кызмат көрсөтүү жок. Бүгүнкү күндө мамлекеттик ооруканаларда эсептик баракча 500 сом болсо, иш жүзүндө 25 миң сомго дарыланып, бери чети 24 миң сом сол чөнтөккө кетип калып жатпайбы. А бул ооруканада мыйзамдуу түрдө 100 % кассага түшөт. Мындан сырткары, дарылануу «базар баасынан» өйдө болбойт. Эң оор делген хирургиялык опперация — 1000 доллар. Бул — жакшы эле баа.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, аталган оорукананын имараты толук курулуп бүткөнүн маалымдады.

— Имарат толук бүттү. Заманбап медициналык жабдуулардын айрымдары алынып келинди. Калгандары ТИКА тарабынан тендер бүткөн соң алынат.  20дай МРТ, КРТ, Рентген сыяктуу айрым аппараттар калды. Түркия тарап да бул маселени кароону биз сыяктуу апрелге белгилешкен. Алар мыйзам менен бекитип берсе, акча маселеси чечилет. Булардан тышкары, оорукана кызматкерлерин, жумушчуларын ишке алуу маселеси бар. Биз убакыт кармабайбыз, ушул сыяктуу иштер бүтөрү менен реалдуу түрдө иштеп баштайбыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова «Марал» радиосуна берген маегинде аталган оорукана боюнча түзүлгөн келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой калганын билдирген.

Анын айтымында, оорукананын келишими карапайым элге каршы түзүлүп, жалаң байлардын кызыкчылыгы корголуп калган.

Депутат Исхак Масалиев кыргыз-түрк ооруканасына ким башкаруучу болоруна кызыкты.

Масалиев: Бул жерде Кыргызстан эч нерсе жоготпойбу?

Чолпонбаев: Кыргызстан эч нерсе жоготпойт. Бул суроо оорукана мамлекеттик болобу, же жокпу деген маселе боюнча берилип жатат окшойт. Биз мамлекеттик оорукана болот деп жатабыз.

Масалиев: Башкаруучу ким болот?

Чолпонбаев: Үч жыл чогуу башкарабыз. Маселен, башкы дарыгер Түркия тараптан болсо, анын орун басары Кыргызстандан болот. Каржы иштери боюнча орун басар Түркия тараптан болсо, эсепчиси биз тараптан коюлат. Үч жыл биргеликте иштешип, алар заманбап деңгээлдеги башкарууну, стабилдүү иштөөнү үйрөтөт.  

Мындан сырткары, 3 жыл аралыгында 60 студент Түркияда бекер медициналык билим алат. Алар окууну аяктаган соң, Кыргызстанда мамлекеттик ооруканага кеминде 3 жыл иштеп берүүгө милдеттендирилерин Космосбек Чолпонбаев айтып өттү.

— Жылына медициналык факультетти бүткөн 20 бала, үч жылда 60 студентти кесиптик билим алууга жөнөтөбүз. Түркия баарын бекер окутат. Биз ошол жактан окуп келген бала Кыргызстандын мамлекеттик ооруканасына кеминде үч жыл иштеши керек деген милдеттеме коюп жатабыз.

Талкуу учурунда Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кыргыз-түрк достугуна арналган оорукана жыл аягына чейин ишке берилерин айтты. Аталган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган.

Copyright © 2017 Maral FM