Биз менен байланышыңыз

Президент кыргыз-түрк ооруканасын ачуу жөнүндө макулдашууну ратификациялады

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 529 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялады. Аталган мыйзамга кол койгонун Президенттик Аппараттан кабарлашты.

Анда Кыргызстандын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркиядан билим алуусу да каралган.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын 18-апрелинде кабыл алган болчу.

Ага ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркия тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганын кабарлашы керек.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM