Биз менен байланышыңыз

Жаңы салынган кыргыз-түрк ооруканасы колдонууга берилди

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 2060 | 0

Бишкек шаарында Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда курулган «Достук» ооруканасы (Фучик көчөсүндө жайгашкан) коронавируска каршы күрөшүү учурунда колдонуу үчүн кыргыз өкмөтүнө берилди. Мындай билдирүүнү Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги таратты.

Оорукананын имаратын убактылуу пайдалануу сунушун Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчилигине жөнөткөн болчу. Бул демилгени Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги колдогон.

Covid-19 оорусуна каршы күрөшүү үчүн оорукана Кыргызстанга берилгени айтылды.

Алты кабат жаңы ооруканада заманбап реанимация жабдуулары, тийиштүү техника бар. Анын баары атайын медициналык программа менен башкарылат.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 44 адам катталды. Алардын эң кичинеси бир жашка толо элек ымыркай, улуусу 86 жашта экени айтылды.

Белгилей кетсек, кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM