Биз менен байланышыңыз

Талас шаардык аскердик комиссариатынын башчысы пара алып кармалды

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 447 | 0

15-апрелде 25 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Талас шаардык аскер комиссариатынын башчысы, 1967-жылы туулган Ж. А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча, кармалган адам паспортту кайтаруу жана арыздануучуну аскер комиссариатына каттоого тургузуу үчүн жергиликтүү тургундан 25 миң сом өлчөмдөгү акча каражатын талап кылган.

Аталган ишке байланыштуу топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси боюнча иш козголду.

Кылмышка шектүү жаран Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM