Биз менен байланышыңыз

Португалияда 29 немис саякатчысы көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 684 | 0

Португалия Республикасынын Мадейра автономиялуу аймагында саякатчылардын автобусу кырсыкка учурады. Окуя кечээ аймактын Канису чөлкөмүндө, жергиликтүү убакыт менен кечки саат 6лар чамасында болгон.

Маалыматка караганда, жогорку ылдамдыкта келаткан автобусту бурулушка келгенде айдоочусу башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен. Апааттан 29 адам каза таап, 22 адам оор жаракат, 4 адам жеңил жаракат алган.

Окуяга күбөлөрдүн айтымында, кырсыкка кабылгандар Германия өлкөсүнүн жарандары болгон. Каза тапкандардын 17си аял. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM