Биз менен байланышыңыз

Мусабаева: Зеленскийдин жеңип чыгарына ишенем

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Апр 2019 | 525 | 0

Украинада өткөн президенттик шайлоодо Владимир Зеленскийдин жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мындай пикирин саясат талдоочу Анар Мусабаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Украинада эл системалык саясатчылардан тажап калган. Мындан улам, калк бийликте жаңы саясатчыларды көрүүнү каалайт.

«Шайлоодо Зеленскийдин саясатта тажрыйбасы жок экени таасирин тийгизбейт. Украинанын учурдагы президенти Петр Порошенко шайлоодон утулса да, саясатта калат. Президенттик шайлоонун биринчи турунда шайлоочулардын 20 %ы кимге добушун берерин билбеди. Эми экинчи турга азыраак шайлоочу катышары ыктымал», — дейт Мусабаева.

Айта кетсек, Украинадагы президенттик шайлоодо Зеленский 30,24 % добуш, ал эми Порошенко  15,95 % добуш алып, экинчи турга аттанган. Эми президенттик шайлоонун экинчи туру 21-апрелде өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM