Биз менен байланышыңыз

Бабановду өлкөгө жолотпогон — бийлик жана байлык

Саясат | 15 Апр 2019 | 613 | 0

13-апрелде Кыргызстанга келем деп убада берген саясатчы Өмүрбек Бабанов Москва аэропортунан баш тартканын жарыялады. Ал мындай кадамын: «Мени тосуп алуу үчүн Кыргызстанда уюштурула турчу митингде чагымчыл аракеттер болуп, үчүнчү күчтөр аралашып кетиши мүмкүн», — деп түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов маалымат каражаттарына берген маегинде «Мекенге кайтып келем» деп миңдеген шайлоочуларын ишендирип коюп, келбей койгону Бабановдун саясий банкроттукка жеткирди деген оюн айткан.

Ал эми саясий серепчи Марат Казакпаев Бабановду саясий банкрот дегенге негиз жок экенин, бирок кайсы бир деңгээлде колдоочуларынын ишеничин жоготуп алганын айтат.

— Саясий өлүк дей албайбыз. Бабанов — чоң саясатчы. Арыз жазып мандатын тапшырды, саясаттан толук кеткенин кабарлады. Алгач 21-мартта келем деп келбеди, 13-апрелде да келген жок. Эми келсе да эл ишенбейт, колдоочулары мурдагыдай болбойт. Менимче, үчүнчү күч жөнүндө айтканы курулай шылтоо. Болгону өзүнүн бизнесин сакташ үчүн келе албай калды. Бул жерде эч кандай саясий фактор жок.

Ал эми саясат талдоочу Чынара Эсенгул Бабановдун кадамын саясий оюндардагы кадимки көрүнүш катары баалады.

— Мындай окуялар болуп турат. Саясий оюндарда бул — кадимки көрүнүш. Бабановдун кадамын «банкрот» деген туура эмес. Анткени, биз билебиз, Бабанов — жаш, өзүн толук көрсөтө элек саясатчы. Кандайдыр бир анализ жүргүзүп, ушундай чечимди туура деп тапса керек. Таптакыр кайтып келбейт дегенден алыспыз. Бир канча убакыттан кийин келиши мүмкүн. 

Бабановдун тарапташтары Кыргызстандын төрт шаарында тынчтык митингин өткөрөрү айтылган. Эгерде ал келсе, чогулгандардан үчүнчү күчтөр пайдалануусу толук мүмкүн эле. «Ошондуктан, Бабановдун чечими туура болгон», — дейт саясий серепчи Марс Сариев.

— Келбей калганы туура болду. Себеби Бабанов келсе, башка күчтөр пайдаланмак, митингге чогулган эл экс-президент Алмазбек Атамбаевге да аябай пайда алып келмек. Менимче, Бабановго бийликтин да көз карашы түз. Ал 1-2 айдын ичинде митингсиз эле келип, УКМКга барып сурак берип, айыптары алынат болуш керек. Мындан сырткары, премьер-министр да отставкага кетиши мүмкүн. Андан кийин өкмөттү Бабанов жетектейт деп ойлойм.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келерин айтары менен, анын өлкөдөгү саясий кадамдары боюнча ар түрдүү божомолдор тараган. Саясатчылардын арасында Бабанов келип Атамбаев баштаган оппозициянын катарына кошулат десе, тескерисинче анын бийликтин камчысын чаап, премьер-министр болот дегендер да болгон. Саясий серепчи Сейтек Качкынбай Бабановдун келбей калышы кимге кандай таасир тийгизгенин төмөндөгүдөй чечмеледи:

— Бабановдун келбей калганынан биринчи кезекте бийлик пайда көрдү болуш керек. Оппозиция эч нерсе жоготкон деле жок. Он миң кишини чогултуп, келем деп коюп, анан кайра келбей калганы Бабановго да эң оор болду деп ойлойм. Анын бул кадамын туура түшүнүү менен кабыл алуу керек. 

Кошумчалай кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM