Журналист Уланбек Эгизбаевдин ысымы Бишкектеги көчөлөрдүн бирине берилди. Бул тууралуу анын досу Каниет Жыргалбеков социалдык тармакка сүрөт жана видео жарыялады.
Алынган маалыматтарга караганда, Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушундагы ТЕЦ — 2 аймагынын кире беришиндеги көчөгө ошол жерлик тургундардын тандоосу менен ыйгарылган.
Эске салсак, «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.