Биз менен байланышыңыз

Кундуз Жолдубаева КСДПнын төрага орун басары болду

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 551 | 0

КСДП партия лидерлеринин орун басарларын кайра каттоодон өткөрүү үчүн Юстиция министрлигине тизме жиберди. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, КСДП саясий кеңешинин 2019-жылдын 6-апрелиндеги чечими менен партиянын төрагасынын орун басарлары болуп Сапар Исаков, Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Рыскелди Момбеков жана Кундуз Жолдубаевалар тандалган.

Эске салсак, учурда КСДПнын саясий кеңешиндеги мүчөлөрдүн саны 36дан 55ке көбөйдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM