Биз менен байланышыңыз

Коалиция өкмөттүн отчетун жактырды

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 482 | 0

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн былтыр аткарган иши тууралуу отчетун жактырды. Коалиция лидери Иса Өмүркулов отчетту колдоо тууралуу бир сунуш түшкөнүн айтып, аны добушка койду. Эл өкүлдөрү отчетту бир добуштан колдошту.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга өздөрү түзгөн өкмөттү колдошкону үчүн ыраазычылык айтты:

Урматтуу депутаттар, өзүңүздөр түзгөн өкмөттү колдоп жатасыздар, сиздерге чоң рахмат. Кемчиликтерди айттыңыздар, анын баары бизге сабак болот. Ушу отчетту бүтүп алгандан кийин эми жыйынтык чыгарып иштейбиз, кандай болуп кетебиз деп күтүп аткандар болду. 

Бүгүн премьер-министр өкмөттүн 2018-жылдагы аткарган иштери тууралуу көпчүлүк коалицияга отчет берди. Ал 2018-жыл өкмөт үчүн олуттуу сыноолор менен коштолгонун айтты. Ошондой эле өкмөт аткарган иштер тууралуу маалымат берди. Буга чейин өкмөттүн отчетун Жогорку Кеңештин тармактык комитети карап жактырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM