Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Моралдык жактан алганда, көпчүлүк коалиция таркашы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2019 | 474 | 0

КСДП партиясы менен фракциянын ортосунда эки башка саясий көз караш болуп жатат. Андыктан моралдык жактан көпчүлүк коалиция таркашы керек. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, КСДП фракциясында да бөлүнүүлөр бар. Мындан улам парламентте жаңы коалиция түзүлүшү керек.

«Эгерде жаңы коалиция түзүлсө, кызматка чечкиндүү, идеяга бай, коркпостон токтомдорго кол коё турган кадрларды алып келүү зарыл. Көпчүлүк коалиция өкмөттү дайындаган соң, жоопкерчилик алат. Учурда өкмөттүн отчету боюнча депутаттар менен сүйлөшүп жатабыз. Каолициядагы депуттарда өкмөттү колдойбуз дегендер да, колдобойбуз дегендер да бар», — дейт Төрөбаев.

Маалымдай кетсек, учурда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Өкмөттүн 2018-жылдагы ишинин отчетун угуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM