Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Президенттин өзүнө сын көз карашы жок

Күн чекит | 11 Апр 2019 | 991 | 0

Бүгүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков парламент трибунасында 45 мүнөт сүйлөп, сөзүн: «Азыр коом ашкере саясатташып кетти», — деп баштады. Ошондой эле өкмөт аткарып жаткан иштер тууралуу айтып, экономикалык, социалдык багытта жасалган иштер, коррупция менен күрөштүн жыйынтыктары, тышкы мамлекеттер менен түзүлгөн алакага кенен токтолду. Ошол эле учурда президент бул кайрылуусу менен серепчилерди ынандыра албагандай. Себеби, анын айткандарын премьер-министрдин сөзү деп сындагандар да болууда. Бул теманы “Күн чекит” программасында юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев менен талкууладык.

Марал: Президент Сооронбай Жээнбековдун бүгүнкү кайрылуусу сиз үчүн күтүүсүз болдубу, же бул азыр саясий абал курчуп тургандан улам аргасыз кадам болдубу?

Бекбосун Бөрүбашев: Күтүүсүз деле болгон жок. Анткени бул киши бийликке келгенине бир жарым жыл болду. Андан бери ар кандай кайрылуулар жасалды. Бирок өлкөнүн ички-тышкы абалы, саясий, экономикалык, социалдык маселелердин баарын комплекстүү камтыган биринчи кайрылуу болду. Баш мыйзамдын чегинде президенттин ички саясатты аныктоого эч кандай укугу жок. Бирок мен азыркы кайрылуусун окуп чыктым, ички, тышкы саясаттын багыттарын аныктоого аракет кылып жатканы көрүнүп турат.

Марал: Сиз күткөн, коом күткөн жагдайлар айтылдыбы?

Бекбосун Бөрүбашев: Эң башында эле саясий маселеден баштап, саясий маселе менен бүтүрүп жатат. Демек, «ар ким ооруган жерин айтат», — деген кыргыздын кеби бар. Ошондуктан президентибизди азыркы саясий кырдаал кыйнап турат деп ойлойм.

Экинчи жагынан, бийликке келгендин баары, «мен башкарган маалда жетишкендиктер болду, өнүгүп-өсүп жатабыз», — деп айтып келишет. Бул киши да ошонусун айтты. Мына 1,5 жыл ичинде экспорт боюнча жакшы жылыштар бар деди, бирок биз картошкабызды сата албай жатабыз. Аймактарды өнүктүрүүнү бийликке келгенде эле айткан, бирок азыр аймактар өнүкпөй эле артка кетип жатканын көрүп жатабыз. Менин оюмча, сөздөрүнөн байкалгандай, президенттин өзүнө сын көз карашы жок.

Марал: Ошону менен катар эле, көпчүлүк серепчилер президент өкмөттүн жасай турган иштерин өзүнө алып алганын айтышууда, сиздин оюңуз кандай?

Бекбосун Бөрүбашев: Баш мыйзамдын 64-беренеси боюнча президенттин Жогорку Кеңеште сүйлөгөнгө акысы бар. Бирок 2016-жылдагы реформа боюнча ички экономикалык-социалдык маселелерди өкмөт аныктайт. Бул жерден мыйзамда көрсөтүлгөнү башка, иш жүзүндөгү абалды карасак, өкмөттүн функциясын өзүнө алып алган болуп жатат. Ошол үчүн бул туура эмес деп айтат элем.

Марал: Саясий тиреш жөнүндө токтолуп, элди көчөгө чыгарам дегендердин аракети ишке ашпай турганын, эч кайсы күч менен ультиматум болбой турганын айтты. Муну менен башка саясий күчтөрдү ынандыра алдыбы?

Бекбосун Бөрүбашев: Ынандыра алган жок. Туура, президенттин оюн мен жакшы түшүнүп жатам, ал өлкөдө саясий туруктуулук керектигин айтууда. Саясий туруктуулук баарыбызга керек. Ал үчүн сүйлөп эле койгон жетишсиз. Саясий туруктуулукка жетүү үчүн коомдогу көйгөйдү чечүү зарыл. Кыргызстанда 20-30 эле киши саясий жактан активдүү. Ошолор эле көйгөйлөрүн көтөрөт, бири түрмөгө түшүп калат, бири качып кетет, анан «баланча түрмөдөн чыксын, тигил келсин», — деп эле өзүмчүлдүк кылып жатышат. Эмне үчүн аймактар өнүкпөй жатат? «Сиз өнүктүрөм дедиңиз эле, ушул маселени көтөрөлү…» дегендин ордуна бири-бирин аңдып отурушат. Бул биздин саясатчылардын деп коеюн, себеби аларды элита дегенге да болбой калды, ошолордун өзүмчүлдүгү, алыс кете албагандыгында болуп жатат.

Саясий туруктуулук болуш үчүн мыйзамдуулук болушу абзел. Президент баш болуп мыйзам чегинде иштесек, стабилдүүлүк орномок. Бизде саясатта да, укукта да, коомдо да адилеттүүлүк болбой жатат.

Copyright © 2017 Maral FM