Биз менен байланышыңыз

ШКУнун Саммити 13-14-июнда Бишкекте өтөт

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 516 | 0

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУнун) Кыргызстандын төрагалыгы астындагы Саммити 13-14-июнда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу бүгүн 11-апрелдеги брифингде Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин башчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, ШКУнун жана ЖККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумун өткөрүү пландалууда.

ШКУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отуруму Бишкекте 21-22-майда Кыргызстандын төрагалыгы астында өтөт. Дыйканбаевдин айтымында, 13-14-июнда Бишкекте өтө турган ШКУнун Саммитин өткөрүүнү алдындагы чечүүчү жолугушуу болот.

ЖККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отуруму Кыргызстандын төрагалыгы менен 22-майда Бишкек шаарында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM