Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Бабановдун маеги (толугу менен)

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 1400 | 1

Саясатчы Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү саясий кырдаал, өзүнүн өлкөгө кайтып келиши жана учурдагы актуалдуу маселелер тууралуу НТС каналына маек берди. Саясатчынын пикирлеринин тизмегин сиздерге сунуштайбыз.

Атамбаев менен болгон «соодалашуу»

Шайлоо бүткөндөн кийин он күндөй Бишкекте болуп, Таласка барып кичи мекенимде элибизге чай берип, Чүйдө да чай берип элибизди тынчтандырып, ден соолугумду чыңдап алуу үчүн сыртка бир клиникага он күнгө кеткем. Үй-бүлөм менен клиникада жүргөндө, Он-Адырдагы сөзсүм боюнча мага иш козголгонун интернет аркылуу билдим.

Ошондо фейсбук, инстаграм аркылуу менин тарапташтарым өтө эмоционалдуу нерселерди жазып жатышты. Ал ортодо фракциядагы депутаттарыбызды 7-кабаттагы Икрам Илмияновдун кабинетине чакырып алышып, УКМК, Башкы прокуратуранын жетекчилери «Бабановду фракция жетекчилигинен кетиресиңер», — деп мага каршы кол топтой башташты. Алар мага байланышка чыгышып, ал жакта болуп жаткан иштер боюнча айтып жатышты. Мен муну ушул күнгө чейин эч кимге айтпай келгем. Түштүк регионунда менин колдоочуларымды болбогон бир шылтоолор менен жумуштан кетирип, милицияга чакырышып, туугандарын иштен алган кыйноолор башталды. Ушундай иштер шайлоодон кийин болот деп мен эч качан күткөн эмесмин. Шайлоо таза болот, утсам президент болом утулсам кудайдын буйругу ушундай экен деп калам деген ойдо болчумун. Утканды да, утулганды да билиш керек да, мен баарына даяр элем, бирок мындай кысым болот деп ойлогон эмесмин.
Түркияда жүргөнүмдө Руслан Казакбаевди чакырдым, ал келип экөөбүз жолуктук. Мен ага: «Алмазбек Атамбаевге, Сооронбай Жээнбековго барып жолук, менин тарапташтарыма куугунтук токтошу үчүн мен эмне кылышым керектигин бил», — дедим. Силер билесиңер Канат Исаевге да жалаа жаап шайлоонун алдында УКМКга камап коюшкан.
Руслан Айтбаевич Алмазбек Атамбаевге барып жолугуп, экөөнүн ортосунда өтө эмоционалдуу сөздөр айтылган. Атамбаев тарабынан мага төмөнкүдөй талаптар коюлган:
1. Саясаттан кетүү
2. Мандатты тапшыруу
3. 1 жыл Кыргызстанга келбөө
Анан мен бийликтен ушундай талап алган соң аларга төмөнкүдөй сунушумду бердим:
1. Канат Исаевдин иши бүтүшү керек
2. Менин тарапташтарыма болгон куугунтук токтотулушу керек
3. Депутаттарга, алардын жакындарына кысым жасабоо.
Ошентип, мен шайлоодо утулгандан кийин алардын талабына көнүп, мандатымды тапшырып берип, саясаттан кеттим. Бул сүйлөшүүлөр бир күндө эле бүткөн жок, 20 күндөн узагыраак мөөнөткө созулду. Сүйлөшүүлөр финалына чыгып калган учурда фракциялаштарымды чогултуп, алар менен да кеңешип туруп, анан акыркы чечимди кабыл алдым. Мен Кыргызстанга бара турган болсом Таластыктар митингге чыгып, элибиз жабыркап калмак. Мен аны каалаган жокмун, ошол убактагы бийликке мен  эле тынчтык бербей жаткан болсом кетейин деп чечим кабыл алдым. Мен өзүм берген убадамды толук кандуу аткардым, бир жыл эмес бир жарым жылдан бери бара элекмин.
Мен ушул күнгө чейин Алмазбек Атамбаев жана анын жакындары менен, Сооронбай Шарипович менен сүйлөшкөн жокмун. Бирок менин тарапташтарым Сооронбай Жээнбековго кирип сүйлөшүп жатышты, алар мени  келсин деп аракет кылып жатышты. Мага карата саясий негизде козголгон Он-Адыр иши бүгүнкү күнгө чейин жабыла элек. Ал иш боюнча 4 эксперттик тыянак бар, бир гана Кыргызстандын эмес, Россиянын мамлекеттик эксперттеринин да жыйынтыгы бар.
Мен бул иштин жыйынтыгы кандай болуп жатканын Руслан Айтбаевичтен сураганымда, ал Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшкөнүн, акырында Сооронбай Жээнбековго киргенде «Мен бул иштен кабарым бар, Алмазбек Шаршенович менен сүйлөшкөнсүңөр, ошол менен бүтүрүп алгыла», — дептир президент.

«Качкан жокмун»

Мен кайсыл жерде болбоюн мекендештерибиз менен жолугуп калганда, алар сүйүнүп учурашышат. Мен да алар менен кучакташып учурашып, сүрөткө, видеого түшөбүз. Менин жазганым Кыргызстанда бир топ талкуу болду, Кудай буюрса, мен жакында өлкөгө кайтып келем. Азыркыга чейин «Бабанов качып кетти, коркок, кайтып келе албайт», — деген сөздөрдү айтып жатышат. Мен буга мындайча жооп берем: Коркок адам партияны түптөп, партияны жетектеп оппозицияда жүрүп утуп чыга алабы? Административдик ресурка каршы чыгып, оппозициянын атынан шайлоого бара алабы? Эгер мен коркок болсом, башкаларга окшоп Лондондо, Америкада жүрөт элем го жанымды сактап. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда качып жүргөн жарандарды кайтарып берүү үчүн келишим бар. Мен эч жакка качкан жокмун, мен ачык эле жүрдүм.
Бийлик бул ишти кайра козгоп, мага издөө жарыялайбыз десе, мен издөөсү жок эле өзүм барам. Ушундай ушактарды таратып, мамлекетте стабилдүүлүктү бузгусу келгендерге айтып кетет элем, коркоктук менен акылмандуулуктун айырмасы асман менен жердей. Ошондо менде тандоо болду, штабдарыбыз толук кандуу иштеп жатты, саясаттан кетпейм деп кайра кайтып барсам, 40-50 миң киши мени колдоп чыкмак.
Мен элибиздин тынчтыгын ойлодум, ошол убакта мамлекетибизде абал курч болуп турган. Ошол убакта Алмазбек Шаршенович митингге чыгышса, кандай чара көрө тургандыгын ачык эле айткан. Мен өзүмдүн керт башым үчүн жалпы колдоочуларымдын тагдыры менен ойногум келген жок. 6 миллион элибиздин ичинен 600 миң киши мага добуш бердиби, демек мен да алардын укугун коргошум керек деп ушундай чечимге келгем.

«Керек болсо, тергөөгө өзүм барып жооп берем»

Менин билдирүүмдөн кийин Россиянын президенти Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетти. Мен эч бир саясатчы Кыргызстандын ички иштерине сырткы күчтөрдү аралаштырбашы керек деп ойлойм. Ички саясатта бири-бирибиз менен талашсак боло берет, бирок сырткы саясатта баарыбыз бир болушубуз керек. Мен эч качан Россиянын президентинин визитинин алдында бармак эмесмин. Андан кийин КСДПда талаш чыкты, бул да бүтөт, Кудай буюрса, жакында барам.
Экинчиден, мен өз ыктыярым менен келатам, мага мамлекеттик акчаны коротуп эмне кылат? Мен эч жакка качпасам, өзүм баратсам, мыйзамдуу түрдө сурагына барууга даяр болуп жатсам, мени камап эмне кылат? Менин жактоочуларым тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүгө даяр, өзүм керек болсом өзүм деле барам.

«Жээнбеков мыйзамды бузбайт»

Шайлоо Кыргызстанда эле эмес, ар бир мамлекетте ушундай чоң күрөш менен өтөт. «Мен сени камайм», — деген сөздөр ар бир мамлекеттеги оппоненттер тарабынан айтылып эле жүрчү сөз. Менин оюмча, бул Сооронбай Шарипович тарабынан эмоция менен айтылган сөздөр болушу мүмкүн. Анткени, мен да эмоцияга алдыруу менен Сооронбай Шариповичке көп ачуу сөздөрдү айткам.
Азыр Бабановдун компаниялары салык төлөбөй жүрүптүр деген кептер айтылып жатыптыр. Мен Бакиевдин тушунда КСДПны колдоп, алдыңкы тизмеде шайлоого катышып жүргөн кезимде салык төлөөдөн качкан болсом, ошондо эле чукуп чыгышмак. Ошондуктан мен баарын ачык-айкын көргөзүп келем, ошол эле АКБ «Кыргызстан» банкын 25 млн. долларга сатып алганбыз. Менин оюмча Кыргызстандагы бүгүнкү бийлик, анын башында турган Сооронбай Шарипович мыйзам бузууга барбайт

«Саясаттан кетем десем, өздөрү коё бербей жатышпайбы?..»
Мен саясаттан кеттим деп айттым, бир жылдан ашык мамлекетке келген жокмун. Сөзүмө турдум, мандатымды тапшырып бердим. Бирок Он-Адыр боюнча саясий негизде ачылган иш жабыла элек. Мен саясаттан кетем десем да, өздөрү коё бербей жатышпайбы? Менин саясий басып өткөн жолумду карап көрсөңөр болот. Мен эч качан мамлекеттик төңкөрүш жөнүндө сөз айткан эмесмин, конституциялык реформа жөнүндө гана айтып келем. Чыныгы системалык реформа керек, эки киши орун алмашкандан эч нерсе өзгөрбөйт.

«Жээнбековду премьерликтен кетиребиз дешкенде, биз сактап калганбыз»

“Республика” партиясы элибиздин тарыхында орду бар партия деп ойлойм. Биздин партия саясий абал курч болуп турганда түзүлдү. Парламенттик шайлоодо биз төртүнчү орунда келип, Атамбаев коалиция түзө албай кыйналып турганда, биз амбициябызды жыйыштырып туруп, баарынын башын бириктирүү үчүн аракет кылганбыз.
Экинчиси,  2015-жылы «Ата Журт» партиясы менен биригип, экинчи орунду алганбыз. Тилекке каршы, ошого карабастан эки комитетти да бербей, бизди оппозицияга калтырып коюшкан. Бирок ага карабай, биз конструктивдүү оппозиция болдук.
«Сооронбай Шариповичти премьер-министрликтен кетиребиз», — деп баары аракет кылганда, шайлоонун алдында өкмөттү кетиргендин кереги жок деп биз каршы туруп бергенбиз. 2020-жылы биздин партиянын жергиликтүү кеңештеги, Жогорку Кеңештеги депутаттары шайлоого барат деп ишенем.

«Президенттик шайлоого катышканыма өкүнгөн жокмун»
Президенттик шайлоого катышканыма өкүнгөн жокмун. Бирок кайсы бир учурда өкүнө турган кадамдарды жасаганым, кандайдыр бир иштерди аягына чейин чыгарбай койгондуктан өкүнө турган учурлар бар.
Президенттик шайлоодон кийин бир жарым жыл сыртта жүрүп, чыныгы дос ким экенин, жалган дос ки экенин, чыныгы партиялаштар кимдер экенин сездим. Башында 3 ай өзүмө келе албай стрессте жүрдүм, андан кийин мени колдогон тарапташтарым, бир туугандарым, жакындарымдын чыныгы жүзүн билдим. Чыныгы менин колдоочуларым мага күч кубат берип турушту, жакын досторума кызмат сунуштап, менден алыстатуу аракетин көрүштү. Бирок алар алданбай, абийир үчүн канчалык кысым болгонуна карабай, менин жанымда туруп беришти.

«Өлкөгө инвестиция тартып келүүгө даярмын»
Мен көрүп турам, экөөнү уруштуруп, андан өзүнүн саясатын жүргүзүп жаткандар бар. Экөө бириге турган болсо, мамлекетибиз тез арада өнүкмөк, мен Кыргызстандын жараны катары Мекенимди сагындым. Кичи Мекениме барып атамдын үйүндө түнөп, атама багыштап куран окуп, тынч жашаганды каалап турган учурум. Менин колдоочуларыма тийишпей, аларды куугунтуктабай коюшса, баары жакшы болот деп ойлойм. Жашоодо саясаттан башка бир топ кызыктуу нерселер бар.
Кыргызстанда саясат биринчи орунга чыгып калганы өкүнүчтүү. Экономиканы биринчи орунга алып чыксак болмок, мен буга чейин да айтып келгем, Мекен үчүн жардам берүүгө даярмын. Менде буга чейин бош убакыт болгон эмес, мен өзүм үчүн Сколкованын жетекчилерине жолугуп келдим. Министрлерге айтат элем келип 40 мүнөт жолугушуу өткөрүп шашып кетип калбастан, бир күн жүрүп кетишсе, көп нерсеге көзү ачылмак. Сколковада Россиянын бюджетинен  млрд. жумшалган, азыркы күндө Сколковада ишин баштаган компаниялар жылына  млрд. берип жатат. Ал жерде дүйнөдөгү эң чоң компаниялардын лабораториялары бар. Биз дагы ошондой кылышыбыз керек, зарыл болсо Сколкованын филиалын ачышыбыз керек. Кыргызстанда жол маселеси курч болгондой эле, Россияда деле ошол көйгөй бар, бирок бизде эски система менен гана иштеп жатышат. Бирок анын технологиялары бар ар бир аймактын өзүнүн климаты бар, ошого жараша лабораториялар болот. Мен ошол тараптан жардам берүүгө, Билим берүү, Саламаттык сактоо тармагына инвестиция тартып келүүгө бардык күчүмдү жумшаганга даярмын. Бирок интернетке кирип туруп Бабанов жөнүндө издесе, куугунтук жүрүп жатканын көрүп, инвесторлор «өзүнүн маселесин чече албай жатса, инвесторлордун маселесин кантип чечмек эле», — дегенсип, сүйлөшүүлөрдү басаңдатып коюшууда.

«Жапаровго да, Текебаевге да саясий иш козголгон»
Мен парламентте депутат болуп турганда Өмүрбек Чиркешовичти Маевскийдин арызы менен камаганда Абдил Сегизбаевге «Өмүрбек Текебаев жөн эле депутат, партиянын лидери эмес, Кыргызстандын тарыхында саясий өнүгүшү үчүн иштеген эки кишинин бири», — деп айткам. Мен Текебаев менен жакын дос болгон эмесмин, экөөбүз бири-бирибизди катуу сындадык. Бирок саясий оппонент эмес, чыныгы лидер болом деген адам оппоненти туура кылса да, туура эмес кылса да айтып турушу керек.
Башка өлкөнүн жараны болгон Маевскийди биздин УКМК кайтарып жүрүп көрсөтмө алганы Текебаевдин иши 100 пайыз саясий экенин билдирет. Бул эртең эмес, бүгүн ишти жаап туруп, Өмүрбек Чиркешовичке депутаттык мандатты кайтарып беришибиз керек. Ошондо туура чечим болот. Садыр Жапаровдун иши боюнча Эмилбек Каптагаев дооматым жок деп айтып жатса да камап коюшту. Бул да саясий иш!

«Кыргызстанга тынч кайткым келет»

Пландарымды айткандан мурда мен Кыргызстанга тынч кайткым келет. Мага карата козголгон кылмыш иши жабылса, мен баарын жаңы барактан баштап, президентке да, өкмөткө да жардам берүүгө даярмын. Себеби, бул биздин мамлекеттин иши  болуп жатат. Айыл чарба, IT технология тарабынан жардамдашууга кудуретим жетет. Кудай буюрса мен фонд ачып, аны жакшылап каржылап жаңыдан иш баштаган стартап компанияларга, мектепте жакшы окуган балдарга, чет өлкөдө окуп жаткандарга көмөк көргөзөм.

 «Атамбаев көз карандысыз сотторду түзө албады»
Элибиз демократия десе, сөз эркиндиги деп түшүнүшөт. Бул демократиянын бир бөлүгү. Демократия көз карандысыз Башкы прокуратура, көз карандысыз соттор, көз карандысыз парламент жана көз карандысыз массалык маалымат каражаттары. Алмазбек Шаршенович президенттик мөөнөтүндө көз карандысыз сотторду түзө албады. Биз бардыгыбыз 25 жылдан бери инвестиция деп айтып келебиз. Инвестиция тартуу үчүн көз карандысыз сотторду түзүшүбүз керек. Сооронбай Шарипович өзү да сотторго ишенбей тургандыгын айтты, биз сотторго көз карандысыздыкты түзүп берип туруп, анан талап кылышыбыз керек. Мен Атамбаевге да айткам, мыйзам кабыл алып эгерде Ак үйдөн сотторго чала турган болсо, соттор аны ачык айтып чыгып, далилдене турган болсо ал аткаминер кызматтан кетиши керек. Ошентип бир нече аткаминерди кызматтан кетире турган болсок, сот эркиндиги орной баштайт. Менин оюмча азыр иштеп жаткан соттор деле көз карандысыз болгусу келет. Биз аларга көз карандысыздыкты түзүп берсек, өлкөдө чоң секирик болот.

«Эл-жеримди ата-энемдей сагындым»

Мекенибиз менен элибиз ата менен ападай экен. Сыртта жүргөн балдарыбыз өздөрүн жетим сезип жүрүшөт экен. Мен да сыртта жүрүп ата энемди сагынгандай, эли-жеримди сагынып жүрөм. Кудай буюрса, жакынкы күндөрү Кыргызстандан жолугушабыз, көрүшкөнчө мекендештерим!

1 пикир

1 пикир

  1. Азият

    10.04.2019 09:45

    Ар бир адамга 2000-5000 сомго чейин берип 600 мин добуш сатып алганынызды жана сизден адамдар акча алып бирок С. Жээнбековго добуш бергендерин кошуп жазып кетсениз жакшы болмок урматтуу Бабанов мырза.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM