Биз менен байланышыңыз

Сапар Исаков саясий билдирүүсүн жарыялады

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 968 | 0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков КСДП партиясынын расмий сайтына саясий билдирүүсүн жарыялады.

Сапар Исаков өз билдирүүсүндө Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо маселеси боюнча тергөөнүн жыйынтыгы жана соттук териштирүүлөрдүн башталышы — бул, кылмыш ишинин жасалмалуулугун жана буйрутма мүнөздө экенин айткан.

«ЖЭБдеги кыйроонун чыныгы күнөөкөрлөрү жана ЖЭБди 2017-2018-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдаган, ЖЭБдин эски бөлүгүндөгү оңдоп-түзөөнү сапатсыз жүргүзгөн адамдар айыптоолорго жамынып алышып, Президент Сооронбай Жээнбековдун жана анын «кеңешчи сөрөйлөрүнүн» саясый буйрутмасын аткарышууда. С. Исаковго, Ж. Сатыбалдиевге, О. Артыкбаевге, А. Калиевге, С. Авазовго, Ж. Назаровго, Т. Биримкуловго, О. Лавровага карата тагылып жаткан айыптоолор негизсиз. Кыйроонун себептерин талдап чыгып, аларды четтетүүнүн ордуна, биз бийликтегилердин көйгөйдү «оору баштан соо башка» оодарган таптакыр ойго келгис иш-аракеттерин көрүп турабыз» — деген Сапар Исаков.

Ошондой эле Сапар Исаков өзүнө  карата коюлган айыптоо корутундуларын укуктук негиздерден куржалак, укуктук түр көрсөткөн «шылуундуктун» аралашмасы деп мүнөздөгөн.

«Тергөөнүн жүрүшүндө жол берилген процессуалдык жана башка бузуулар Кыргыз Республикасынын укук коргоо системасынын беделин түшүрүүдө, тергөө жана көзөмөл кылуу органдарынын кесипкөйсүздүгүнүн айкын мисалы болууда. Кылмыш ишинде Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо жөнүндө бекитилген келишим боюнча бизге тагылган айыптарды тастыктаган бир да далил жок, болгон да эмес», — деп жазган Исаков.

Мындан сырткары, коомчулукка ЖЭБдеги кыйроого модернизация күнөөлүү болду деген пикир таңууланганына токтолгон.

«Кыйроо ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгон деген биздин эскертүүлөрүбүздү эч кимдин уккусу келген жок. Расмий кызматтагылар кытайлык ТВЕА компаниясы иштин наркын жогорулаткан деп адамдарды ишендирип жатышты, бирок ошол эле учурда орусиялык  Интер РАО ЕЭС компаниясы ЖЭБдин жогорулатылган 1 МВт кубаттуулугу үчүн өз кызматын 1,55 эсеге кымбат нарк боюнча сунуштаганы туурасындагы фактыны таптакыр четке кагышты. Бардык айыптоолор ойдон чыгарылган. Айыптоо корутундусу юридикалык документти эмес, далили жок ушак-айыңдар менен түкшүмөл ишааралардын топтомун эске салат», – деген Сапар Исаков.

Билдирүүсүнүн аягында, мекендештерине кайрылып, ыплас адамдарды аңдап билүү абдан оор экенин айтып, өзүнүн күнөөсүз экенин билдирген.

«Өзүмдүн үлүшүмө туш келген бардык сыноолорду көтөрөм жана атымдын ак экенин коргойм. Көз карандысыз серепчилер КТРКнын мен жөнүндөгү көрсөтүүлөрүн буйрутма жана атайын мүнөздө болгонун далилдешти. Ошондуктан мен Кыргызстандын эли чындыкты билиши үчүн күрөшөм. Мен акмын жана муну кандай болбосун, далилдейм. Анткени, чындык мен тарапта» — деп жазган Сапар Исаков.

Эске салсак, мурунку премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык иштерге байланыштуу камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM