Биз менен байланышыңыз

2018-жылы өнөр жай ишканалары 250,6 млрд. сомдук продукция өндүргөн

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 491 | 0

Өткөн жылы өлкөдө өнөр жай ишканалары 250,6 млрд. сомдук продукция өндүрүштү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өндүрүштүн көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 5,4 %га өскөн. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда (148,4 млрд сом), иш жүзүндөгү көлөм 107,3 %ды түздү. Өнөр жай өндүрүшү тарабынан ИДПны түзүүдөгү оң салым Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы кошкондо, 1 пайыздык пункттагы деңгээлде бааланууда. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө өнөр жайдын салыштырма салмагы 18,6 %ды түздү.

2018-жылга өнөр жай өндүрүшүнүн күтүлгөн деңгээлине жетишилди жана иш жүзүндө 3,7 %дык пунктка жогору болду.

Отчеттук жылда өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүшү «Кумтөр Голд Компани» ЖАК стабилдүү иши менен шартталды, ал отчеттук жылды ийгиликтүү аяктап, 534 миңден ашуун унция алтынды өндүрдү, натыйжада металл өндүрүү боюнча белгиленген жылдык көрсөткүч (510 миң унция) ашык аткарылды. Өсүш «Алтын кен» ЖЧК алтын чыгаруу фабрикасындагы даяр продукцияны чыгаруунун 2,9 эсеге жогорулашы, ошондой эле пайдалуу кенди казуу көлөмүнүн 8,1 %га жогорулашы менен да шартталды.

Ошондой эле өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү баалуу металлдардын өндүрүшүнүн 4,4 %га, пайдалуу кенди казуунун 8,1 %га өсүшү менен камсыздалды. «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо, өндүрүш көлөмү 7,3 %га өстү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM