Биз менен байланышыңыз

Лицейдеги акча чогултуу ата-энелердин нааразычылыгын жаратты

Билим-маданият | 9 Апр 2019 | 887 | 0

Сокулуктагы төрт жарым миңден ашык окуучусу бар лицейде акча чогултуу ата-энелердин нааразычылыгын жаратты. Новопавловка айыл аймагындагы Чыңгыз Айтматов атындагы инновациялык билим берүү комплексинде жогорку класстар үчүн 500-700 сом өлчөмүндө акча чогултулуп келет. Бул сумма көп экенин айтып, ата-энелер аны 50 сомго түшүрүү керектигин талап кылышты. Мектеп жетекчилиги бул маселеге аралаша албасын, ата-энелердин жеке чечими экенин белгилеп жатат. Ошол эле учурда мектептеги шартка ыраазы болгон ата-энелер да жок эмес.


Сокулук районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия лицей-комплексинде ата-энелер чогулушу өтүп, анда айрым ата-энелер мектеп директорунун ишмердүүлүгүнө каршы чыгышып, мектепте акча чогултуулар азайсын деген талаптарын коюшкан. Бул боюнча видео интернетке тарады.

Аталган окуу жайда Чынара Апиеванын да баласы билим алат. Анын айтымында, мекемеде ар бир окуучу үчүн ай сайын 500 сомдон жыйналат. Мындан улам кээ бир ата-энелер бул сумманы 50 сомго түшүрүү талабын коюп жатышат. Анткени 500 сом көп балалуу үй-бүлөлөргө бир топ түйшүк жаратууда.

— Чогулушка мектеп фондуна чогултулган акчаны 50 сомго түшүрөлү деген ой менен келгенбиз. Тилекке каршы, аягына чыкпай калды. «15 жыл мурда фондго кол коюлган. Аын силер чече албайсыңар, ата-энелер комитети менен бирге кайрадан карап чыгышыңар керек», — дешти. А ата-энелер мындан кийин каражат чогултпайбыз деген ойго келип жатабыз. 5 жылдан бери акча жыйналат. Ай сайын бул мектепке 1,5 млн. сом каражат чогулат. Жылына 17 млн. сомдон акча түшсө, 5 жылда бул жерге чоң мектеп салып коюуга толук мүмкүнчүлүк бар болчу.  

Мындан сырткары, Жийдегүл Кожошеванын төрт баласы да лицей-комплексте билим алат. Алардын экөө жеңилдик алганы менен, калган эки окуучуга да ай сайын 1000 сом төлөөгө чамасы жетпей турат. Кожошева мектеп жетекчилиги чогулушта ата-энелерди экиге бөлүп жатканын айтты.

— Бүгүн фондго төлөнчү каражат маселесин тынч жол менен чечип алалы дегенбиз. Тилекке каршы, чогулуштан эч кандай жыйынтык болгон жок. Төлөй алган жана төлөй албаган ата-энелер добуш бергиле, көп колдоо тапкан тараптын чечимине калган ата-энелер баш ийет дешти. Камкордук кеңеши келген да жок. Январь айында берген отчетунда 5 айда 2 млн. сомго жакын каражат топтолгонун айткан. Бирок эсептеп көрсөк, жарым жылда эле 10 млн сомго жакын акча чогулушу керек экен. Болгон талабыбыз: бизге акчалардын отчетун беришсин жана Камкордук кеңешине бизди да кошушсун.

«Акча чогулганы менен лицейдин инфраструктурасы талаптарга жооп бербейт», — дейт айрым нааразы болгон ата-энелер.

Жер астындагы өтмөктө жарык жок. Булардын 4 лампочканы бурап коюуга чамасы келбей жатат. Экинчиден, даараткананын ичине кирсең тумчугасың. Санитардык-эпидемиологиялык станция эмне иш кылып жүрөт? Мектеп директору бардык нерсени каалагандай жумшайт. Ошондуктан кайрыларым, Башкы прокуратура иликтеп, журналисттер иликтөө жасашы зарыл.

Бирок окуу-тарбия лицей-комплексинин директору Диляра Абдуллаева нааразычылыкты атайын уюштурулган деп эсептейт. Анын айтымында, даттанып жаткандардын бири да мектепке кошумча каражат төлөгөн эмес.

Мектеп жетекчилигинин маалыматына ылайык, башталгыч класстын окуучуларынын ата-энелери ысык тамак үчүн күнүнө 10 сомдон, кошумча сабак үчүн айына 200 сом, ал эми мектеп фондуна 300 сом беришет. Эгерде шарты туура келбесе, анда фондго кошулбаса да болот. Мындай ата-энелердин саны 1300дү түзөт.

— Нааразы болуп жаткандардын балдары лицейде окуп баштаганына бир жыл боло элек. Эгерде шарты туура келбей жатса, келип арыз жазышсын. Бул көйгөй эмес. Алдыда ата-энелердин чогулушу болот, алар өздөрү чечет. Мындан ары акча төлөбөгөн ата-энелердин балдары үчүн мамлекеттик сатндарттагы кадимки бөлмөлөр уюштурулат. Кошумча сабактар өтүлбөйт. Ал эми ата-энелердин камкордук фондуна чогулган акчанын эсебинен окуу куралдар, илимий-усулдук эмгектер, музыкалык аспаптар, интерактивдүү такталар, спорт оюндарына жана ашканага керектүү жабдыктар сатылып алынган. Айта берсек көп.

Ошол эле учурда лицей жетекчилигине ыраазы болгон ата-энелер да жок эмес. Алсак, Айчүрөк Акбаралиева мектеп  олимпиадалык, эл аралык предметтик сынактарга катышып, алдыңкы орундарды камсыздап келерин, сабактар мыкты деңгээлде өтүлүп, мектеп директору ата-энелер менен тыгыз иштешүүгө кызыкдар экенин айтты.

— Мектеп жетишкендиктерин көрсөтүп келет. Ошондуктан ата-энелер бул окуу жайды колдойбуз. Ар дайым ата-энелер чогулушуна катышып, алардын берген отчетун угабыз. Мен лицейде эч кандай иш жүргөн жок деген сөздөргө кошулбайм. Жакшы мугалимдер иштеп, алгылыктуу иштер жүрүп жатат. 

Ал эми Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Залкар Ысакулов лицейге тиешелүү төлөмдөр жыл сайын өз убагында бөлүнүп, каражаттар мыйзамдуу пайдаланылып жатканын айтты.

Новопавловка айыл өкмөтү 2016-жылдан бери окуу жайга жалпы 10 млн. 340 миң сомдон ашуун каражат бөлгөн. Анын ичинен 2 млн. 757 миң сомдой каражат мектептин спорт залын капиталдык оңдоп-түзөө үчүн берилген. Мындан сырткары, өткөн жылы 792 миң сомдой акча имараттын жылытуу системасын калыбына келтирүү үчүн которулса, спорт залды оңдоп-түзөөгө дагы 1 млн. 182 миң сом бөлүнгөн.

— 2018-жылы лицейге жалпы 4 млн 325 миң 560 сом бөлүнгөн. Аталган чыгымдар айыл өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнөт. Биз тараптан бөлүнгөн каражат боюнча маселе жаралган жок. Мектепке жыл сайын көңүл бурулуп, капиталдык оңдоп-түзөө, көмүр, электр жарыгы, коммуналдык кызматтарга болгон чыгымдары төлөнүп турат. 

Бирок Абдуллаева айыл өкмөтү бир гана көмүр менен электр жарыгынын чыгымдарын төлөп бергенин белгиледи. Ал лицей материалдык-техникалык базасын ата-энелердин колдоосу менен чогулган каражаттын эсебинен камсыз кыларын, мамлекет мугалимдердин айлык акысына жана балдардын ысык чайына гана 7 сомдон каражат бөлөрүн кошумчалады.

— Капиталдык оңдоп-түзөө үчүн ар бир окуучуга 100 сомдой каражат каралган болсо, бүгүнкү күндө 60 сомдон эле бөлүнөт. Ал эми айыл өкмөтү мектептин көмүрүнө жана элекр жарыгына гана каражат бөлөт. Жакынкы 3 жыл аралыгында айыл өкмөтү тарабынан имараттын оңдоп-түзөөсүнө жана башка иштерге эч кандай акча каралган жок.

Айта кетсек, Чыңгыз Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия лицей-комплексинде 4 миң 525 окуучу билим алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM