Биз менен байланышыңыз

Мурат Суталиновдун тарапташтары митингге чыкты

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 488 | 0

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку жетекчиси Мурат Суталиновдун ишин караган соттук отурум өтөт. Шаардык соттун имаратынын алдына Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу бошотулушун талап кылып, анын тарапташтары чогулду.

Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу бошотулушун Акыйкатчы Токон Мамытов да өтүндү. Себеби, Акыйкатчы институтуна Суталиновдун атынан кайрылуу түшүп, жаза өтөп жатканда оор илдетке чалдыкканына байланыштуу бошотулушу зарыл экенин билдирген. Бирок Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиевдин буга жол бербей мыйзам бузуп жатканын айткан.

Акыйкатчы институту рак илдетине чалдыккан соттолуучуну бошотпоо БУУнун адам укуктары боюнча декларациясын бузарын айтып, Жогорку Соттун төрайымы, Соттор кеңешине кайрылып, Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу бошотууну өтүнгөн.

Мурат Суталинов 2010-жылы атайын кызматты жетектеген, ал апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. Соттун өкүмү чыкканга чейин онкологиялык оору менен жабыркаганы аныкталган. Учурда ал рактын 4-стадиясы менен жабыркайт.

Жаза аткаруу кызматы Суталиновду бошотуу тууралуу чечимин Ленин райондук сотуна жөнөткөн, бирок аталган сот аны кабыл алган эмес. Буга чейин Суталиновдун жубайы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM