Биз менен байланышыңыз

Бокоев: Жумуш орду жоктугунан жакырчылык көп катталууда

Күн чекит | 8 Апр 2019 | 783 | 0

2017-жылкы жүргүзүлгөн мониторинг боюнча Кыргызстандын калкынын 25,6 %ы, тактап айтканда, 1,6 миллиону кедей жашары аныкталган. Мунун ичинен 41 миңи жакыр, ошол 41 миңдин 72 % айыл тургундары болуп эсептелет. Бул теманы утурлай биз Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев менен «Күн чекит» программасында маек курганбыз.

— Кыргызстандагы жакыр жашаган калктын 72 %ы элеттин тургундары экен. Бул эмнеге байланыштуу?

— Калктын басымдуу бөлүгү айылда тургандыктан, ушундай жыйынтык чыгып жатат. Себеби, борбордо жер үлүшү азыраак болуп, калктын басымдуу бөлүгү элетте турат.

— Өлкөдө элет элинин социалдык абалын жакшыртуу үчүн көп эле долбоорлор иш алып барып келет. Айталы, президент тарабынан «аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарлык да чыккан. Ушуга карабай айылдын, андагы элдин жашоосу өзгөрбөй келет. Мунун себеби эмнеде?

— Биз жарлыктын артынан эле өнүгүп кете албайбыз да. Жарлыктын артында конкреттүү программалар болушу керек. Бизде андай кадамдар жок. Болгону президенттин жарлыгынын артында гана иштер жүрүп жатат. Бул жетишерлик аракет эмес. Быйыл да айыл-аймакты өнүктүрүү жана санариптештирүү деп жарлык чыгарды, бирок атайын реформа иштеп чыгып, өнүктүрүүнүн жолдорун издеп, каражаттарды бөлүү жагы колго алынбады.

— Элет элине жакшы шарт түзүүнүн жолдору барбы? 

-Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жатабыз, бирок айылдарда конкретүү жумушчу орундар түзүлгөн жок. Эмне үчүн элеттиктер шаардыктарга караганда жакыр? Анткени, шаарда бардыгында болбосо да, көбүндө жумуш орду бар. Эч болбоду дегенде, маяна алып жашашат. Айылдыктарда каяктагы айлык? Иштеген иштери болбосо, же иштейин десе жумуш жок болсо. Албетте, жакырчылык элет элинде көп катталат да. 2018-жылдын жакырчылык боюнча статистикасы дагы жогорулап кетиши мүмкүн. Себеби, дыйкандар айдаган картошка өзүңүздөр көргөндөй эле, өзүнүн баасын актабай калды. Алманын баасынын төмөндөгөнүн көрүп жатабыз. Ушул сыяктуу бир катар маселелер чечилбей жатса, жакырчылык статистикасы кантип жоюлат?

 

Copyright © 2017 Maral FM