Доллардын курсунун көтөрүлүүсү Кыргызстандын ар бир аймагына ар кандай таасир этет. Мисалы, өлкөнүн түндүгүндө жакырлардын санын көбөйтөт. Ал эми түштүк аймакта тескерисинче, доллардын курсу көтөрүлгөн сайын жашоо жакшырат. Бул — мигранттар которгон акчага байланыштуу. Мындай маалымат аймактарга жакырчылыктын тийгизген таасирин аныктоо боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгонун Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык изилдөөлөр институтунун эксперти Айлуна Шамурзаева билдирди.
«Өлкөнүн түштүк аймагы эмгек миграциясына көбүрөөк тартылган. Мына ошого байланыштуу мындай түшүндүрмө туура болушу мүмкүн. Бирок, бул көрсөткүчтөр акыркы эки жылды кошсо, өзгөрүшү мүмкүн. Себеби биз 2012-жылдан 2018-жылга чейинки маалыматтарды гана изилдедик. Бирок биз эмне үчүн мындай боло тургандыгын өзүнчө изилдеген жокпуз».
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2019-жылда жакырчылыктын деңгээли жалпы өлкө боюнча 20,1 пайызды түзгөн. Ал эми 2020-жылга карата жакырчылыктын деңгээли 2021-жылдын июн айында даяр боло тургандыгын Улуттук статистикалык комитетинин үй чарба статистикасы бөлүмүнүн жетекчиси Ырыскан Калымбетова билдирди.
«2019-жылда жакырчылыктын деңгээли республика боюнча 20, 1 %ды түзгөн. Бул көрсөткүч 2018-жылга карата 2,3 пайыздык пунктка аз. Жакырчылык жөнүндө маалымат бир жылда бир жолу чыгат. Анда жашоо минимумун ар бир квартал сайын эсептейбиз. 2020-жылдын үчүнчү кварталында өлкө боюнча жашоо минимуму 5225 сомду түзгөн. 2019-жылдын үчүнчү кварталына салыштырмалуу 386 сомго өскөн».
Улуттук статистикалык комитеттин жакырчылык боюнча берген маалыматына кошулбай турганын мурдагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров айтат.
«Мен башка маалыматты келтиргим келет. Статкомдун элдин жашоо деңгээлин көрсөткөн ар кандай отчеттору бар. Анын биринде өзүнө иштеткен акча боюнча да көрсөткүчтөр бар, ошонун негизинде кирешесине жараша он топко бөлө турган болсок, эң төмөн биринчи группадагы жакыр үй-бүлөлөр адам башына бир айда 1217 сом чыгым кылат. Жашоо минимуму бир адамга 2019-жылы 4806 сом болуп бекиген. Ал эми 4806 сомду 10 %дан кылып кирешеси менен бөлүп карап көрсөк, тогузунчу топко гана жетет экен. Айтайын дегеним, 80 % калкыбыз адам башына керектелүүчү жашоо минимумунун деңгээлинде киреше таппайт. Пандемиядан улам иш орундар кыскарды, элдин кирешеси азайды. Биздин товарлардын 80 %ы импорттук товар болгондуктан доллар өскөндө, жашоо минимуму кошо өстү. Бирок киреше өскөн жок. Демек, азыр жакырчылык 80 %дан да ашып кеткен болушу мүмкүн».
Ошондой эле ал бир миллион 10 миң адамдын насыясы бар экендигин айтып, социалдык көйгөйлөр чыңалып бара жатканын эске салды. Мындан сырткары ал кескин түрдө экономиканы көтөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү керектигин кошумчалады.
Экономика менен саясат бир-бирине абдан көз каранды экендигин жана бүгүнкү күндө өлкөдө эң негизги көйгөй жумушсуздук менен коррупция болгондуктан, ишсиздикти жоюу үчүн инвестиция тартуу керектигин ишкер Жоодар Сайдилкан билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттин колу менен иш орду түзүлбөйт, шарт түзүлөт. А иш ордун ишкерлер түзөт.
«Ишкерлерге канчалык жеңилдик берилсе, ошончолук көп иш орун түзүлөт. Тыштан инвестиция келиши үчүн, аны коргогонду үйрөнүшүбүз керек. Өлкөгө келип жаткан акчанын улуту, дини жана башка өзгөчөлүгү болбойт. Бул жерге келген акчага курулган завод болобу же башка ишкана болобу, ал Кыргызстандыкы болуп саналат. Ошондуктан биз элдин башын айланткан, популисттик нерселерден арылышыбыз керек. Өздөрү эки кишиге да иш ордун түзбөгөн адамдар жалпы элди инвесторлорго каршы үгүттөп келишет. Биринчи ушундан арылышыбыз керек. Анан инвестиция келиши үчүн эң маанилүү шарт — туруктуулук. Жеке менчик мүлктү сыйлабаган элге эч качан инвестиция келбейт. Ошондуктан саясий реформаларды ишке ашырып, эң биринчи сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздообуз керек».
Ошондой эле ал элдин 60 %дан ашууну инвестиция менен жардамдын айырмасын билбей тургандыгын, экономикалык-инвестициялык сабаттуулукту жогорулатуу керектигин кошумчалады.
Өткөн жылдын эсеби боюнча, Кыргызстанда жумушсуздардын саны 94 миң адамды түзгөн. Тактап айтканда, эмгекке жарамдуу калктын болжолдуу 7 %ы жумушсуз жүрөт.