Биз менен байланышыңыз

Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева көз жумду

КР эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева 77 жашында көз жумду. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымат таратты.

Алынган маалыматка караганда, маркум бүгүн түшкө маал Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон.

Актриса Жаркын Балыкбаева театрда жана «Салиманын ыры», «Боз салкын», «Айыл өкмөтү», «Белгисиз маршрут», «Чиркин өмүр» сыяктуу бир катар тасмаларда роль жараткан.  Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Т. Абыдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык студияда сабак берип жүргөн.

Маркумдун жакындарына «Марал» телерадио компаниясынын жамаатынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Copyright © 2017 Maral FM