Биз менен байланышыңыз

Эл агартуунун отличниги Табылды Оторбаев 75 жаш курагында каза болду. Некролог

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 1622 | 0

Кыргызстандын педагогика тармагы орду толгус жоготууга учурады. 2019-жылдын 18-майында көп жылдар өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого жумшаган кадырлуу педагог, эл агартуунун отличниги Табылды Оторбаев 75 жаш курагында каза болду.

Оторбаев Табылды Абдырашитович 1944-жылы 18-августта Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Атасы Абдырашит Улуу Ата Мекендик согушта окко учкандан кийин Табылды Оторбаев таякелеринин колунда, андан кийин алгач Ат-Башы дарыясынын жээгиндеги Кызыл көпүрөгө жакын жердеги ДЭУдагы интернатта, андан соӊ Нарын шаарындагы жатак мектепте окуп билим алган. Жогорку окуу жайдагы билимин азыркы Каракол, мурдагы Пржевальский педогогикалык институтунда физика факультетинде окуу менен баштап, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин, аталган жогорку окуу жайда окуусун улантып, аны ийгиликтүү аяктаган.

Табылды Оторбаев эмгек жолун 1970-жылы Ат-Башы районундагы Пограничник орто мектебинде баштап, өмүр бою ошол жерде физика, астрономия, трактор жана механика сабактарынан жаш муундарга билим берип, окутуу менен өткөргөн.

Табылды Оторбаев — Кыргызстандын билим берүүсүнө өзгөчө салым кошкон инсандардын бири. Ал алгач физика кабинетин, андан кийин астрономия кабинетин, кийин трактор жана механика кабинетин өз колу менен, чебер сүрөтчүлүк, кылдаттык, тереӊ усулдук талант менен жасалгалап чыккан педагогдордун бири. Өзгөчө Табылды Оторбаевдин астрономия кабинети Советтер Союзу маалында жогорку баага татып, ага «Эл агартуунун отличниги» наамы ыйгарылган. Кабинеттин төбөсүнө (шыбына) Күн системасынын галактикасы тартылганы менен ал кабинет Кыргызстандын Ишенбай Абдыразаков, Майрам Акаева, Мукаш Базаркулов сыяктуу атактуу окумуштууларына жагып, «уникалдуу, керемет» деген баасын алган болчу.

Табылды Оторбаев далай жаш муундарга өзүнүн тереӊ билимин, таалим-тарбиясын берген сый-урматтагы мугалим-педагог болду. Ал тарбиялап өстүргөн балдардын көбү «илимдин доктору», «илимдин кандидаты» деген наамдарга татып, Кыргызстандын өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келатышат. Ага «агай» деген сый мамиле дайыма болуп келген, мындан кийин дагы сактала бермекчи.

Табылды Оторбаевдин жаркын элеси эсибизде түбөлүк сакталат.

Биз, маркумдун үй-бүлөөсүнө, уулу коомдук ишмер, журналист Кубат Оторбаевге терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жараткан Табылды атанын жанын жаннатка алып, бейиш бакчаларынан орун берсин.

Д. Жумабеков, А. Салымбеков, Н. Касиев, Б. Жусубалиев, Ш. Садыбакасова, М. Турганбаев, Ш. Э. Өмүракунов,  А. Мусаев, Т. Жапаров, А. Жайлообаев, Ш. Абдыкеримов, Ч.Турсунбеков, Т. Сариев,  И.Өмүркулов, А. Кайыпов, Ж. Субакожоев, А. Баатырбеков, К. Исаев,  , А. Турсунбаев, К. Нурматов, Айдаров, А. Назаров, Т.  Масабиров, Н. Алимбеков, Алыбаев, А. Эргешов, Т. Конушбаев, Д. Толонов, Р. Чойбеков, А.Токторов, Ж. Исаев, У. Самаев, Н. Мусаев  K. Муратбеков, Ч.  Султанбекова, М. Матазимов, А. Кожошев, Ж. Жунушев, Ж. Мусабекова, Р. Момбеков, Ж. Акаев, А. Касмалиева, А Жунус уулу, А. Шыкмаматов, К. Иманалиев, С Шер, Э. Токтошев, Б. Райымкулов, Т. Мамытов,  Ж. Үсөнов, Б. Түлөбаев, Ч. Орозобекова, А. Сакыбаева, Ж. Эдигеев, О Шакир, Э. Кыязов, А. Кыязов,  Т Чоротегин, К. Молдокасымов,  В. Жуматаева,  И Нуракун уулу, Т. Стамалиева, Ч Эсенгулов, И. Карыпбеков, А. Касымалиева, Ж. Алиев, Т. Алтымышев, С. Талас уулу ж. б. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM