Биз менен байланышыңыз

Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева акыркы сапарга узады

Кыска кабар | 8 Апр 2019 | 591 | 0

Бүгүн, 8-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаева өмүрүнүн акырына чейин эмгектенген  Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдында коштошуу зыйнаты өттү.

Коштошуу зыйнатына Президентик Аппараттын өкүлдөрү, Өкмөттүн өкүлдөрү, кесиптештери жана жакын туугандары катышты.

Коштошууда Ж. Балыкбаеванын театр жана кино тармагында басып өткөн жолу, адамдык асыл сапаттары, өмүрүнүн акырына чейин өзүн театрга арнагандыгы жана кийинки жаш муундар үчүн берип келе жаткан билим берүүсү тууралуу айтылды.

Эске салсак, Ж. Балыкбаева 6-апрель күнү борбор калаадагы ооруканалардын биринде көз жумган.

Жаркын Балыкбаева өмүр бою Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп, акыркы жылдары театрдын алдындагы окуу жайда актердук чеберчилик боюнча сабак берип келген.

Ж.Балыкбаева «Айыл өкмөтү», «Боз салкын», «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты», «Белгисиз маршрут» тасмаларына тартылып, театр сахнасында да бир топ образдарды жараткан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM