Биз менен байланышыңыз

Атамбаев жарандык коомдун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 534 | 0

«Катарыбызга кошулууну каалаган ар бир адамга сүйүнөбүз». Бул тууралуу КСДП партиясынын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын бүгүнкү курултайынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал жарандык коомдун өкүлдөрүнөн колдоо болуп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, мурунку бийлик өкүлдөрү менен да биригүү болорун четке каккан жок.

Бүгүнкү съездге жалпы 170 делегат келди.

Copyright © 2017 Maral FM