Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: КСДПга жаңы саясий кеңеш шайланды

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 818 | 0

КСДП партиясынын съезди өтүп, ага 170 делегат катышты. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев жыйындан кийинки брифингде айтты. Анда жалпы 180 делегат чакырылганын, аларга коркутуу-үркүтүүлөр болгонун да белгиледи.

Атамбаевдин белгилешинче, съездде бир катар чечимдер кабыл алынды жана күч органдарына кайрылуу даярдалды. Андан тышкары, КСДПнын мурдагы саясий кеңешинин ишмердүүлүгү токтотулуп, жаңы курам шайланды.

Кошумчалай кетсек, 3-апрелде да КСДПнын съезди өтүп, анда Сагынбек Абдырахманов партиянын лидери болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM