Биз менен байланышыңыз

Мүлк фонду «Айыл банк» менен «РСК» банктары тууралуу расмий билдирди

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 569 | 0

«Айыл банк» ачык акционердик коомунун акционерлери, 29-март күнү банктын Директорлор кеңешинин кызматтык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, учурда директорлор кеңеши жаңы курам шайланганга чейин кадимки режимде иштеп жатышат.

Ошондой эле «РСК банк» ААКнын акционерлери дагы 29-март күнү банктын Директорлор кеңешинин кызматтык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган. Мындан сырткары, Директорлор кеңешинин төрагасы Айбек Абдылдаевдин да кызматтык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынган. Учурда Директорлор кеңеши жаңы курамы шайланганга чейин кадимки режимде иштеп жатышат.

Директорлор кеңешинин жаңы курамын тандоо апрель айынын ичинде болмокчу.

Кошумчалай кетсек, «Айыл банк» жана «РСК банктын»  акцияларынын 100%ы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү. Аталган эки банктын тең Директорлор кеңеши 2018-жылы 4 жылдык мөөнөткө дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM