Биз менен байланышыңыз

Быйыл Бишкектеги Якут көчөсү оңдолот

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Апр 2019 | 667 | 0

Каражат бөлүнсө, веложолдор А. Токомбаев көчөсүн бойлой Көк-Жарга чейин уланат. Бул тууралуу «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Жумакадыр Алымбев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, А. Сүйүмбаев көчөсүнүн тротуарын калыбына келтирүү боюнча каражат суралып атат.

Мындан сырткары, быйыл Кызыл-Аскердеги Якут көчөсү да ондолот.

«А. Молдокулов көчөсүнүн уландысы салынат, 2 айда жолду бүтүрөбүз. Түнкүсүн шаар ичинде жол куруу абдан опурталдуу. Анткени, унаа кыймылы көп болот. Бирок күндүз унаа тыгыны жаралбасын деп борбордук көчөлөрдү түнкүсүн оңдоп жатабыз«, — дейт Алымбаев.

Ал буга кошумча, Бишкекте Түштүк Магистралда жана Байтик баатыр көчөсүнөн Бах көчөсүнө чейин, 2 веложол объектиси салынганын эске салды. Мындан сырткары, Дайыр Асанов атындагы парктын ичиндеги веложолдун да сапаты жакшы экенин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM