Биз менен байланышыңыз

Сарыбашов: Паспорт алуу үчүн айлап күтүү деген болбош керек

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 895 | 0

Бүгүн, 3-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов алдын ала эскертүүсүз шаардагы паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнө барды. Мэр кезекте турган жарандардан тейлөөнүн сапатын сурап, иштин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Калаа башчысы кызматкерлерге жарандарга сылык мамиле жасап, тейлөөнү өз убагында аткаруу керектигин билдирди.

Паспорт алууга келген жарандар мэрге сунуш-пикирлерин айтышты.

«Өлкө башчыбыз быйылкы жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыялаган. Жарандарды заманбап тейлешибиз керек. Шарттар жакшырыптыр. Элибизге мындан да сапаттуу тейлөө керек. Паспорт алуу үчүн айлап күтүү деген болбош керек. Азыр бардык нерсе тез жана сапаттуу ишке ашуусу керек. Бир адам бир документ алууга бир канча күнүн кетирбеши керек”,- деди Таалайбек Сарыбашов.

Copyright © 2017 Maral FM