Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Жашыган апа, окуучусун 6 жыл даярдаган мугалим

Билим-маданият | 2 Апр 2019 | 1321 | 0

Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарында республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өтүп, анда биринчи орунду алган окуучуларга бирден ноутбук белекке берилди. Байгелүү орундарга ээ болгон окуучулардын мугалимдери болсо, Билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак грамотасы» менен сыйланышып, Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алышты.  


Аксы районунан келген окуучу Актан Жакыпбеков англис тили сабагынан олимпиадага катышып, I орунду багындырды. Ал олимпиада жаштардын билим деңгээлин гана аныктабастан, окуучулар арасында достук мамилелерди чыңдап жатканын билдирди.

— Өткөн жылы төртүнчү орунду алгам. Быйыл жакшылап аракет кылып, биринчиликти багындырдым. Олимпиада эң жакшы деңгээлде уюштурулуптур. Берилген тапшырмалар, көнүгүүлөр так жана туура болду. Олимпиадага катышуу менен бирге, көптөгөн досторду да таптым.  

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Зина Алиеванын окуучусу окутуу расмий тилде жүргүзүлгөн мектептердин кыргыз тили жана адабияты сабагынан II орунду алды. Аталган мугалим окуучусун 5-классынан даярдай баштаган. 6 жылдык мээнетинин акыбети кайтканын айткан мугалимдин кубанычында чек жок.

— Окуучумду олимпиадага 5-классынан баштап «Манас» эпосунун үчилтиги, «Кыргыз тили жана адабиятына» тиешелүү кошумча материалдар, хрестоматиялар менен даярдадым. Ошол 6 жылдык эмгегимдин акыбети кайтып, министрликтин «Ардак грамотасы» менен сыйландым. Мээнетибиз текке кеткен жок. Буйруса, мындан да жакшы иштеп, окуучуларды сынакка жаңы ыкмалар менен даярдап турам.  

Топтук упай боюнча алганда, Бишкек шаарынын окуучулары биринчи орунду, Ысык-Көл облусунун окуучулары экинчи орунду багындырды. Аймактардан келген окуучулар өткөн жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк байгелүү орундарды камсыз кылышты. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова анын себебин министрлик билим берүүнүн сапатын ири шаарларда гана эмес, бардык аймактарда да өнүктүрүп жатканы менен түшүндүрдү.

— Олимпиаданын жыйынтыгын карап көрсөңүздөр, Бишкек менен Ошто гана окугандар эле эмес, ар кайсы аймактан келген окуучулар да аябай жакшы ийгиликтерге жетишишти. Салтанаттуу аземге келип, байгелүү орундарды камсыз кылган окуучуларыбызга сыйлыктарды тапшырдык. Мындан ары эл аралык олимпиадага даярдык башталат. Олимпиаданын жобосу боюнча бардык эрежелер сакталды. Калыстар абдан компетенттүү иштеп беришти.

Окуучулардын ийгилигине ата-энелер, жакын туугандары да күбө болушту. Алсак,  Баткен облусунун Сүлүктү шаарынан келген Айдөлөт апа небересинин ийгиликтерине кубанып, көзүнө жаш алды.

— Мен бүгүн аябай кубанычтамын. Анткени, неберем II орунду багындырды. (ыйлапБиринчи орунду алат го дегем, бирок экинчиликти алганына да шүгүр . Ушундай ооматта, ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн. Кыргыз элиме Жараткан өзү жар болсун. 

Олимпиадада биринчи орунду алгандарды алдыда дүйнөлүк олимпиада күтүп турат. Андыктан, мындан да чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Бул тууралуу өз оюн «Сапат» билим берүү мекемесине караштуу Ош шаарындагы «Cема» лицейинин окуучусу Адилбек Абдирасулов айтып берди. Ал республикалык олимпиадада математика сабагы боюнча биринчи орунду багындырды. Жалпысынан бул олимпиадада «Сапат» билим берүү мекемесинин окуу жайларынан келген 18 окуучу байгелүү орунга ээ болду.

— Олимпиадага 3 жыл күн сайын 5-6 сааттан даярдандым. Бул сынак — менин күлкүм, кубанычым, кайгым. Олимпиададагы жетишкендиктердин арты менен университеттерге өтүү бир топ жеңил. Демек, олимпиада ар бир катышуучу үчүн бонус. Алдыда бизди чоң сынак — дүйнөлүк олимпиада күтүп турат.    

Предметтик олимпиадалар бир гана окуучулардын эмес, мугалимдердин да деңгээлин аныктайт. Башкача айтканда, окуучунун ийгилиги – мугалимдин жетишкендиги. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн өлкөдө окуучуларды дүйнөлүк сынактарга даярдаган олимпиада борборлорун ачуу зарыл. Мындай пикирин «Сапат» билим берүү мекемесине караштуу Олимпиада борборунун информатика мугалими Кылычбек Ураимов билдирди.

— Эгерде мындай борбор жок болсо, эл аралык олимпиадада күчтүү мамлекеттер менен жарышуу кыйынга турат. Дүйнөлүк олимпиадага «Сапаттын» төрт окуучусу өттү. Эми алар үчүн Казакстандан күчтүү тренерлерди чакырабыз. Өз алдынча да лагерлерди уюштуруп, жайкы каникул бою даярданып чыгабыз. 

Кошумчалай кетсек, окуучулардын республикалык олимпиадасына 7 областтан жана Ош, Бишкек шаарларынан жалпы 318 окуучу катышып, 73ү байгелүү орунга ээ болду. Биринчи орунду камсыз кылган окуучуларга ноутбук, II жана III орундун ээлерине электрондук китеп окуу аппараты, ал эми IV орунду алган окуучуларга китеп сатып алуу үчүн сертификат тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM