Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жеңиш Разаков чет элдик атайын кызматтарга тыңчы эмес

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 481 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чет элдик атайын кызматтардын тыңчысы деген маалымат аныкталган жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

Атайын кызмат вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго байланыштуу компроматтык маалыматтардын негизинде ЖМКларда чыккан Кылмыш Жаза кодексинин «Мамлекетке чыккынчылык» беренеси боюнча  сотко чейинки иликтөө ишин жүргүздү.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз Өкмөтү Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу билдирүү анык эмес деген маалымат таратып, бул боюнча УКМК өз баасын берет деп кабарлаган.

Муну менен бирге Улуттук коопсуздук комитети чет элдик атайын кызматтарда туура эмес маалыматтарды таратуу менен саясий ишмерлерди каралоо практикасы кеңири колдонуларын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM